Кытайда акчаларды вирустан улам өрттөп, бир тобун карантинге алып жатышат

© AFP / SAM YEHКытай юань банкноталар. Архив
Кытай юань банкноталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акчаларды базардан, клиникалардан, коомдук транспорттон жана коронавирус кеңири тараган жерлерден чогултуп жатышат.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кытай бийлиги коронавирустан көп эл жабыркаган аймактардан чогулган акчаларды өрттөөнү чечти. Бул туурасында Business Insider жазды.

Кытайлык дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: жуктургандар, сакайгандар жана көз жумгандар. Акыркы маалымат
Акчалардын так саны аныкталган эмес. Банкноттор базардан, клиникалардан, коомдук транспорттон жана коронавирус кеңири тараган жерлерден чогултулганы айтылат. Акчаларды Гуанчжоуда жок кылышарын айтышкан. Кытайдын борбордук банкы коммерциялык кредиттик уюмдарга оору жуккан райондон келген акчаларды өзүнчө сактоого көрсөтмө берген. Ал эми өрттөбөй турган банкнотторду дезинфекция кылышмакчы. Акчаны атайын нурдун жардамы менен тазалап жана эки жумага атайын жайга карантинге алышарын айтышты.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

19-февралга карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны Кытайда 74 миңден ашты, 2004 адам каза болсо, 14,4 миң бейтап сакайып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0