Токиодогу Олимпиада көрүүчүсү жок өтүшү мүмкүн

© AFP / KAZUHIRO NOGIТокиодо боло турчу жайкы Олимпиада оюндары көрүүчүсү жок өтүшү мүмкүн
Токиодо боло турчу жайкы Олимпиада оюндары көрүүчүсү жок өтүшү мүмкүн - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япония Олимпиаданын даярдык иштерине 12 миллиард долларга жакын каражат сарптагандыктан, оюндарды өткөрүүдөн баш тартпай турганы белгиленди.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. 2020-жылы Токиодо боло турчу жайкы Олимпиада оюндары көрүүчүсү жок өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Түштүк Кореяда коронавирус боюнча дезинфекция убагында   - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Корея коронавирусту жайылткан сектанын лидерлерин сотко берди
Маалыматка караганда, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен спорт федерацияларынын жетекчилери коронавирустун жайылып жатышына олуттуу мамиле жасап, кабатыр болушууда. Буга байланыштуу Олимпиада оюндарын теледен гана көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү маселеси каралып жатат.

Мындан сырткары, жылдын негизги спорттук иш-чарасы Токиодон башка шаарда өтүшү мүмкүн экени айтылды.

Ошондой эле Япония Олимпиаданын даярдык иштерине 12 миллиард долларга жакын каражат сарптагандыктан, оюндарды өткөрүүдөн баш тартпай турганы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0