Мамлекет жигит таап берсин! Кытайда коронавирус менен күрөшкөн медайымдын талабы

© REUTERS / CHINA DAILYСитуация в Хубеэ в связи с эпидемией коронавируса
Ситуация в Хубеэ в связи с эпидемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көптөн бери жалгыз бой жүргөн 30 жаштагы медайым коронавирус менен күрөшүүгө мекендештерине жан үрөп жардам берип жатканы "татыктуу бааланарына" ишенерин айткан.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытайдын Ухань шаарында коронавирус жуктургандар дарыланып жаткан ооруканалардын биринде иштеген Тянь Фанфан аттуу медайым эмгегинин "акысы" катары мамлекет ага жигит таап берет деп үмүттөнүп жатканын айтып тамашалады. Анын жергиликтүү социалдык тармакка жазган посту тез арада дүйнөгө тарап кеткенин Daily Mail басылмасы жазды.

Көптөн бери жалгыз бой жүргөн 30 жаштагы медайым коронавирус менен күрөшүүгө мекендештерине жан үрөп жардам берип жатканы "татыктуу бааланарына" ишенерин айткан. Ошондой эле ал өзүнүн бою узун болгондуктан, жанында бою 1,7 метрден жогору жигитти көргүсү келерин кошумчалаган.

"Чындыгында мен эпидемияга кабылып, мүңкүрөп турган кишилерге жагымдуу маанай тартуулап коёюн деп пост жазгам. Бирок ушунча көп адам реакция кылып, менин түгөй издеп жатканымды бүт дүйнө билип калат деп ойлогон эмесмин", — деди Фанфан.

Бирок ал азыркы кезде болгон убактысын кызматтык милдеттерине арнап жатканын, жеке жашоосу тууралуу эпидемия аягына чыккандан кийин ойлонорун жазды.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0