Алматыда кыйроолорду алып келген жер титирөө болору божомолдонууда

© Sputnik / Тимур БатыршинАлматы шаары. Архив
Алматы шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыйроолорго алып келген акыркы жер титирөө Алматыда 100 жыл мурда болгон. Тагыраак айтканда, андан берки "жымжырттык доору" бүтүп бара жатат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Алматы шаарында жакынкы алты-жети жылдын ичинде кыйроолорго алып келген жер титирөө болушу мүмкүн. Бул тууралуу Сейсмология институтунун кызматкери Алла Садыкова Sputnik Казакстан агенттигине билдирген.

Анын айтымында, Алматы сейсмологиялык жактан өтө кооптуу аймакта жайгашкан.

"Кыйроолорго алып келген акыркы жер титирөө Алматыда 100 жыл мурда болгон. Тагыраак айтканда, андан берки "жымжырттык доору" бүтүп бара жатат. Алматы облусу менен коңшу Кытайдын жер алдында ысыктыгы 1 100-1 400 градуска жеткен суюк заттан турган плюм каналы бар. Анын козголо турган учуру келе жатат", — деди адис.

Бирок сейсмолог жердин силкинүүсүнүн так убактысын, күчүн жана кайсы аймакта болорун эч ким айта албасын кошумчалады.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0