Суу алып жатканда көргөн... Борбор Азиянын ажолору сүйүүсүн кантип тапкан

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВторая Консультативная встреча глав государств Центральной Азии в Ташкенте
Вторая Консультативная встреча глав государств Центральной Азии в Ташкенте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канайым — өлкөдөгү эң популярдуу адамдардын бири. Аны эл тандабаганы менен жолдошу такка келген соң өлкөдөгү биринчи аял катары баскан-турганын, кыял-жоругун, жада калса кийген кийимине чейин карап турушат. Кыскасы, жашоосу көпчүлүккө кызык.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан аялдардын эл аралык күнүн утурлай Борбор Азиянын биринчи адамдарынын сүйүү баянын, тагыраагы, кантип табышып калганын билип көрүүнү чечти.

Баса, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен коңшу Казакстандын канайымы жок. Азыркы президент Касым-Жомарт Токаев жубайы Надежда Токаева менен ажырашып кеткен.

Кыргызстан

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков жана Айгүл Токоева
Суу алып жатканда көргөн... Борбор Азиянын ажолору сүйүүсүн кантип тапкан - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков жана Айгүл Токоева

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жары — Айгүл Токоева. Ачык булактагы маалыматтарга караганда, жолдошунан 10 жашка кичүү. Бир уул, кыз кыздын энеси. Жубайлардын сүйүү мамилеси өтө романтикалуу жагдайда башталган.

Айгүл айым чырайлуу, токтоо, ашыкча сүйлөбөгөн кыз болгондуктан мектепти аяктары менен куда түшкөндөр көп болгондугу айтылат. Атасы "кызымды окутам" деп эч кимисине макул болгон эмес дешет. Ошол кезде сегиз чакырым аралыкта жайгашкан Биймырза айылынын ал кездеги зоотехниги Сооронбай Жээнбеков Токоева туулуп-өскөн Биринчи Май аркылуу жайлоого каттап, иштеп жүрөт. Бир ирет жаш адис унаа менен бара жатып жол жээгинде суйкайган сулуу кыз суу алып жатканын көрөт. Бирок таанышайын деп автоунаасын токтотуп келгиче таппай калат. Ошондо ары жактагы дүкөнгө кире калып, Шарапат аттуу сатуучудан "азыр эле көргөн, периштедей болгон кыздын" дайын-дарегин сурайт. Акыры ошол Шарапат жеңенин жардамы менен селкинин аты Айгүл, кимдин кызы экендигин билет. Көп өтпөй бийкечке болочоктогу кайненеси келип сөйкө салып, үлбүрөгөн жаш кыз Жээнбековдордун босогосун аттайт.

Өзбекстан

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевШавкат Мирзиёев жана Зироатхон Хошимова
Суу алып жатканда көргөн... Борбор Азиянын ажолору сүйүүсүн кантип тапкан - Sputnik Кыргызстан
Шавкат Мирзиёев жана Зироатхон Хошимова

Өзбекстандын канайымы Зироатхон Хошимова чырайлуу жүзү, өзүнө жарашыктуу кийинүү стили менен көпчүлүккө жагат. Кесиби боюнча инженер-экономист. Ал Ташкенттеги Ирригация жана мелиорация институтунда окуган. Жолдошу менен дал ошол студенттик жылдары таанышкан. Институтта Шавкат Мирзиёев комсомолдор комитетинин катчысы, ал эми Хошимова жакшы окуган студенттердин бири болгон. Экөө кыз-жигит болуп кол кармашып жүрө баштаганда, окуу жайдагылар аларга суктанып жарашыктуу жана интеллектуалдуу түгөйлөр деп атап коюшчу.

Бирок экөөнүн баш кошуусуна кыз тарап каршы болгон. Айрыкча Зироатхондун чоң атасы менен чоң апасы макул болбой, жаштар Мирзиёевдин өжөрлүгүнүн аркасы менен сүйүүсүнө жеткен экен. Учурда Зироатхон айым кесиби боюнча эч жерде иштебейт, үй кожойкеси. Жолдошуна эки кыз, бир уул төрөп берген.

Тажикстан

© Фото / пресс-служба президента ТаджикистанаЭмомали Рахмон жана Азизмо Асадуллаева
Суу алып жатканда көргөн... Борбор Азиянын ажолору сүйүүсүн кантип тапкан - Sputnik Кыргызстан
Эмомали Рахмон жана Азизмо Асадуллаева

Тажик президенти Эмомали Рахмоновдун үй-бүлөсү чоң. Жубайы Азизмо Асадуллаева экөө жети кыз, эки уулду тарбиялашкан. Бирок канайым тууралуу эмнегедир ачык маалыматтар аз. Андыктан жубайлардын качан жана кантип таанышканы дагы белгисиз. Ал жолдошун чет элдик сапарларда жана расмий иш-чараларда көп коштобойт. Анткен менен былтыр жергиликтүү ЖМКлар Рахмон Согди облусунун Бободжан Гафуров районундагы "Боги миллии Вахдата" бакчасына барып жубайы жана неберелери менен мөмө-жемиш терип жүргөн сүрөттөрүн жарыялаган.

Түркмөнстан

© AFP / Igor SASINТүркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымуxамедов
Суу алып жатканда көргөн... Борбор Азиянын ажолору сүйүүсүн кантип тапкан - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымуxамедов

Эл көзүнөн оолак, табышмактуу каныйымдардын бири — Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымуxамедовдун жубайы Огулгерек Бердымуxамедова. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, бир топ жылдан бери Лондон шаарында жашайт. Үч кыз, бир уулдун апасы. Мындан тышкары, ал жолдошу менен жашташ экени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0