Казакстанда алтынчы киши коронавирус жуктурганы аныкталды

© REUTERS / NAKHON PATHOM HOSPITALОорукана кызматкерлери. Архив
Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска кабылгандардын саны өскөнүн билдирди. Бейтаптар Алматы менен Нур-Султанда жашайт.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Казакстанда коронавирус жуктурган дагы эки адам аныкталды. Натыйжада вируска кабылгандардын жалпы саны алтыга жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

"Бүгүн аныкталган эки учурдун бири Алматы шаарында, экинчиси Нур-Султанда болуп чыкты. Алматыда жашаган 62 жаштагы ишкер ал шаарга 10-март күнү Москвадан келген. Ал эми Нур-Султандагы аял Варшавадан келген", — деп айтылат макалада. 

Маалыматка караганда, коронавирус жуктургандардын төртөө Алматыда, экөө Нур-Султандагы ооруканада жатат.

Эске салсак, коңшу өлкөдө биринчи окуя кечээ, 13-мартта, билинген. Ошол күнү эле вирус жуктурган төрт адам тууралуу белгилүү болгон. Алардын экөө Германиядан, бири Италиядан, бири Россиядан учуп келген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0