Казакстанда окуучуларды үйдөн чыгарбай онлайн окутуу пландалып жатат

© AFP / ALAIN JOCARDНоутбук менен колдонуп жаткан кыз. Архив
Ноутбук менен колдонуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө мектеп окуучулары үчүн бардык ийрим жана кошумча билим берүү курстары 5-апрелге чейин токтотулду.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Казакстан мектеп окуучуларын 5-апрелде каникул аяктаган соң убактылуу дистанциялык билим берүү системасына өткөрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетовго таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"5-апрелде мектеп каникулу аяктайт. Андан кийин биз онлайн окутууга өтүүгө даярбыз. Мугалимдер дагы үйдөн иштешет, айлыгы төлөнөт", — деди Аймагамбетов.

Министр кошумчалагандай, акыркы чечим өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга жараша кабыл алынат.

Ошондой эле өлкөдө мектеп окуучулары үчүн бардык ийрим жана кошумча билим берүү курстары 5-апрелге чейин токтотулду.

Эске салсак, учурда Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0