Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы адам катталды

© Фото / Пресс-служба Департамента здравоохранения города Москвы / Медиабанкка өтүүВ Шереметьево усилили санитарный контроль в связи с коронавирусом
В Шереметьево усилили санитарный контроль в связи с коронавирусом   - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул Борбор Азия мамлекеттеринде коронавирус катталган экинчи учур. Буга чейин Казакстанда катталып, ал жакта учурда алты адам вирус менен күрөшүп жатат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Өзбекстанда алгачкы жолу коронавирус жуктуруп алган адам катталды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан Санитардык-эпидемиологиялык агенттикке шилтеме берип жазды.

Анализдер жакында эле Франциядан келген жарандан алынган. Бүгүн саат 6.00дө тесттин жыйынтыгы вирус бар экендигин көрсөткөн.

Ситуация в Турции из-за вспышки коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жүрөктү зырп эттирген статистика. Коронавирус жуктургандар, өлгөндөр, сакайгандар
Учурда Өзбекстандын бийлиги ооруну өлкөгө жайылтпоо үчүн чараларды күчөткөнү айтылды.

Бул Борбор Азия мамлекеттеринде коронавирус катталган экинчи учур. Буга чейин Казакстанда катталып, ал жакта ушул тапта алты адам вирус менен күрөшүп жатат. 

Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган учур жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0