Алматынын базарында бет кап кийип соода кылып жүргөн аял. Архивдик сүрөт

Казакстанда дагы эки адамдан коронавирус аныкталып, жалпы саны 8ге жетти

239
(жаңыланган 14:38 15.03.2020)
Коңшу мамлекетте коронавирус жуктуруп алгандардын саны сегизге жетти. Бейтаптардын баары чет мамлекеттен келгендер.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстанда дагы эки кишиден коронавирус аныкталганын Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматта анын бири 12-март күнү Италиянын Милан шаарынан Нур-Султанга учуп келген казакстандык аялдын күйөөсү болуп чыкты. Ал эми экинчи бейтап Түштүк Кореядан келген.

Ушуну менен коңшу өлкөдө коронавирус жуктуруп алып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турган адамдардын саны сегизге жетти. COVID-19 аныкталган биринчи учур 13-мартта катталган.

Ал арада бүгүн, 15-мартта, Өзбекстанда да коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам аныкталганы кабарланды. Анын Франциядан келгени айтылууда. Коңшу өлкөдө учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билсеңиздер болот.

239
Белгилер:
дарыгер, Нур-Султан, Италия, Милан, Өзбекстан, коронавирус, Казакстан
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (517)
Тема боюнча
Коронавирустан шек санагандар каякка чалса болот? Бейтапканалардын номери
Коронавирус кандай температурада өлөт. Адистердин иликтөөсү
Жүрөктү зырп эттирген статистика. Коронавирус жуктургандар, өлгөндөр, сакайгандар
Өзбекстанда коронавирус катталды. Учурда эмне болуп жатат