Ызы-чууга негиз жок! Өзбекстандын башкы дарыгери билдирүү таратты

© Sputnik / Рамиз БахтияровГлавный санитарный врач Узбекистана Бахром Алматов
Главный санитарный врач Узбекистана Бахром Алматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы дарыгердин айтымында, бейтап менен байланышта болгондор аныкталып, аны менен Франциядан Өзбекстанга учуп келген жүргүнчүлөрдүн тизмеси түзүлгөн.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Франциядан келген Өзбекстандын жаранынан коронавирус аныкталганы белгилүү болду. Кырдаал боюнча аталган өлкөнүн башкы санитардык дарыгери, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Санитардык-эпидемиологиялык агенттиктин директору Бахром Алматов билдирүү таратты.

Анын айтымында, акыркы суткада республикага 38 авиарейс менен 4,8 миң адам, темир жол менен 1860 киши, ал эми башка чек ара пункттары аркылуу 38 миң жүргүнчү кирген.

Работа Ортосайского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ундун баасы жөнгө салынды! Мэрия өкүлдөрү ун саткан жайларды кыдырды
Аларды көбү Россия, Казакстан жана Европа мамлекеттеринен келип, өлкөгө киргенде бардыгынын дене табы өлчөнгөн.

Ушу тапта Өзбекстанда үй карантинине коронавирус жайылып жаткан өлкөлөрдөн келген 7,7 миң адам алынган. Анын 2,1 миңи дарыгерлердин көзөмөлүндө болсо, калганы 14 күндүк карантинден кийин кое берилди.

Учурда ИИМ, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка мекемелер коронавирусту өлкөгө жайылтпоо үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

Алматов калкты дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

"Азыркы кырдаалга байланыштуу тынчсыздануунун кереги жок. Бейтап менен байланышта болгондор аныкталып, аны менен Франциядан келген жүргүнчүлөрдүн тизмеси түзүлгөн. Учурда алардын жашаган жерип таап, медициналык көзөмөлгө алуу иши жүргүзүлүп жатат. Эпидемияга каршы болгон аракетибизди кылып жатабыз", — деген ал.

Распространение коронавируса в мире  - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда коронавирус катталды. Учурда эмне болуп жатат
Ал бейтаптардын 80 пайызында коронавирус жеңил формада экенин, айрым учурда белгилерин билбей калышканын белгилеген. Ал эми калганыныкы орточо жана оор формада өтөт. Бөтөнчө өнөкөт оорусу барлар кыйналат.

Бул Борбор Азия мамлекеттеринде коронавирус катталган экинчи учур. Буга чейин Казакстанда катталып, ал жакта ушул тапта сегиз адам вирус менен күрөшүп жатат.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учур жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0