Казакстанда өзгөчө кырдаалдан улам кирип-чыгууга чектөө киргизилет. Тизме

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүСитуация в Алматы в связи с коронавирусом
Ситуация в Алматы в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу мамлекетте коронавируска байланыштуу президент Касым-Жомарт Токаевдин чечими менен бир ай убакытка өзгөчө кырдаал жарыяланган болчу.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстандын аймагына транспорттун бардык түрү менен кирип-чыгууга чектөө киргизилерин Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Казакстанда коронавируска байланыштуу президент Касым-Жомарт Токаевдин чечими менен бир ай убакытка өзгөчө кырдаал жарыяланган болчу. Мындай чечим 16-марттан тарта күчүнө кирип, 15-апрелге чейин уланат.

Казакстан киргизе турчу чектөөлөр:

  • коомдук тартипке көзөмөлдү күчөтүү, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык, бөтөнчө режимдик, режимдик жана өзгөчө кайтарылган объектилерди сактоо. Ошондой эле калктын жашоосуна керектүү объектилер менен транспорттун иштешин камсыздоо;
  • ири соода-сатык объектилеринин иш алып баруусун чектөө;
  • соода-сатык жана көңүл ачуучу борборлордун, кинотеатр, театр, көргөзмө жана башка эл көп топтолгон объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу;
  • карантин киргизүү, Казакстандын Коргоо министрлиги жана ИИМ менен чогуу санитардык-эпидемиялык иштерди аткаруу;
  • массалык иш-чараларга, анын ичинде үй-бүлөлүк майрамдарга тыюу салуу;
  • Казакстанга барууга жана өлкөнүн аймагынан транспорттун бардык түрү менен чыгууга чектөө киргизүү. Бирок бул Казакстандын жана чет өлкөдөгү дипломатиялык кызматтын өкүлдөрү менен Тышкы иштер министрлиги чакырган эл аралык уюмдун мүчөлөрүнө тиешеси жок.

Казакстанда COVID-19 аныкталган биринчи учур 13-мартта катталган. Алгач ооругандар экөө болсо, бүгүн сегизге чейин өстү.

Жаңылыктар түрмөгү
0