Өзбекстанда коронавирустан улам мектеп, бакча, ЖОЖдор жабылмай болду

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүВ школах Забайкалья прекращены занятия после выявления в регионе коронавируса
В школах Забайкалья прекращены занятия после выявления в регионе коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн Элдик билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, узакка созулган эс алуу учурунда окуучуларга улуттук каналдардан видео сабактар өтүлмөкчү.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. 16-марттан тарта Өзбекстанда коронавирустан улам мектеп, жогорку окуу жайлар жана бала бакчалар убактылуу жабылат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан премьер-министр Абдулла Ариповдун билдирүүсүнө таянып кабарлады. 

Ага ылайык, бул иштер COVID-19 вирусунун жайылып кетишинин алдын алуу максатында жасалууда.

Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, узакка созулган эс алуу учурунда окуучуларга улуттук каналдардан телесабактар өтүлүп турат.

"Каникул учурунда балдар бош отурбашы үчүн Өзбекстандын улуттук каналы видео сабактарды даярдайт", — деп жазылат билдирмеде.

Мектептер дезинфекцияланып, дарыканаларды дары-дармек менен камсыз кылуу иштери жүрөт. Коңшу өлкөдө эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0