Казакстанда дагы 14 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы саны 27ге жетти

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүПервый случай заражения коронавирусом в Мурманске
Первый случай заражения коронавирусом в Мурманске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктуруп алгандардын баары Нур-Султан шаарынын тургундарды. Алардын бардыгы карантинге алынды.

БИШКЕК, 17-мар. – Sputnik. Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов дагы 14 адамдан коронавирус аныкталганын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Ушуну менен өлкөдө вируска кабылгандардын жалпы саны 27ге жетти.

“Бүгүн эртең менен Алматыдагы жаңы бейтаптар тууралуу маалымат бергенбиз. Эми Нур-Султандан вирус жуктуруп алган 14 адам катталды. Бейтаптар карантинге алынган болчу, ошол жактан диагноз коюлду. Учурда алардын бардыгын изоляциялоо иши аткарылып жатат”, — деди министр.

Эске салсак, бүгүн, 17-мартта, эртең менен Казакстанда вируска кабылгандардын саны 13 болчу. Алардын арасында эки жашар наристе дагы бар. Эми ооругандардын жалпы саны 27ге жетти. Алардын 16сы Нур-Султанда болсо, 11и — Алматыда.

Кийинки 14 адам коронавирусту кайдан жуктуруп алганы азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0