Нур-Султан менен Алматы карантинге жабылмай болду

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүГород Нур-Султан
Город Нур-Султан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус Казакстандын башка аймактарына дагы жайылып кетпеши үчүн Нур-Султан менен Алматы шаарларына кошумча чектөөлөр киргизилмей болду.

БИШКЕК, 17-мар. – Sputnik. Казакстандын борбору Нур-Султан менен Алматы шаары 19-марттан тарта карантинге жабылмай болду. Мындай чечимди президенттин алдындагы өзгөчө кырдаал режимин камсыздаган мамлекеттик комиссия кабыл алганын Sputnik Казакстан жазды. 

"Коронавирус Нур-Султан менен Алматы шаарларында катталгандыгына байланыштуу жана вирустун Казакстандын башка аймактарына жайылып кетишин алдын алуу максатында мамлекеттик комиссия кошумча чектөөлөрдү киргизүүнү чечти. Ага ылайык, Нур-Султан менен Алматы карантинге жабылмай болду", - деп айтылат өкмөттүн сайтында.

19-март күнү саат 00:00дөн тарта киргизиле турган чектөөлөрдүн тизмеси:

  • Шаарлар карантинге алынып, санитардык жана эпидемияга каршы иш-чаралар аткарылат;
  • Карантиндик зонанын периметри жана кирүү-чыгуу пунктулары аныкталат;
  • Адамдардын кыймылы жана автоунаалардын кирген-чыкканы чектелет;
  • Вирус жуктургандарга, шектелгендерге жана карантинге алынгандарга ылайыкташкан жайлар үзгүлтүксүз иш алып баруусу камсыздалат;
  • Адамдардын кыймылы чектелиши керек болгон аймактар жана элди азык-түлүк менен камсыздаган соода-сатык жайлары аныкталат;
  • Күндүз коомдук транспорттордун кыймылы чектелсе түнкүсүн токтотулат;
  • Азык-түлүк, дары-дармек сатылбаган ири соода жайлары жабылат;
  • Коомдук тамактануучу жайлар жаңы режим менен иштейт. Тагыраагы, тамак-аш кардардын үйүнө жеткирилип берилет;
  • Калкты тейлөө борборлорунун иштөө режими өзгөрөт;
  • Карантинге алынган зонадагы элдин бир суткада керектей турган азык-түлүк, дары-дармек жана тийиштүү товарлардын көлөмү аныкталат;
  • Башка дагы чаралар көрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0