Бир киши 5 килограммдан көп азык албайт. Нур-Султандагы чектөөлөр

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүДостопримечательности Нур-Султана
Достопримечательности Нур-Султана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө коронавирус катталганына байланыштуу 16-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген. Ошондой эле Нур-Султан менен Алматы карантинге алынган.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Нур-Султанда ар бир кардарга төгүлмө товарлар 5 килограммга чейин гана берилмей болду. Мындай чектөө тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Бул туурасында шаардын ишкерликти өнүктүрүү жана инвестиция башкармалыгынын жетекчиси Ерлан Бекмырзаев билдирген. Анын айтымында, суу майды да 5 литрге чейин гана алууга болот.

"Бүгүнкү күндө соода борборлору бир кардарга 5 литр суу май менен 5 килограммга чейин төгүлмө азык (кумшекер, ун, күрүч жана башкалар) бере алат", — деген Бекмырзаев.

Ал төгүлмө азыктар менен кургак жемиштер таңгакталып сатылышы керектигин кошумчалаган. Ал эми жашылча-жемиштер кадимкидей эле сатыла берет.

Казакстандагы өзгөчө абал

Өлкөдө коронавирус катталганына байланыштуу 16-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген. Ага ылайык, чет элдиктердин Казакстанга кирүүсүнө тыюу салынган. 19-марттан тарта Нур-Султан менен Алматы карантинге алынган болчу.

Соңку маалыматтар боюнча Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны 44кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0