Коронавирустун айынан Тажикстан Кыргызстан менен чек арасын жапты

© AFP / MLADEN ANTONOVЧек ара кызматкери жумуш учурунда. Архив
Чек ара кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны — 42. Ал эми Тажикстанда COVID-19га чалдыккан бир дагы киши аныктала элек.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Тажикстан 24-марттан тарта Кыргызстан менен чек арасын жапты. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Чек ара пунктулары эпидемиялык абал жакшырганга чейин ачылбайт.

"Чектөөлөр жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына, дипломаттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрүнө тиешеси жок", — деп жазылат кабарда.

Мындан тышкары, мурда Кыргызстанда жүргөн тажик жарандары өз өлкөсүнө кире алат.

Сотрудник Роспотребнадзора встречает российских туристов, прилетевших из Черногории в аэропорту Шереметьево. - Sputnik Кыргызстан
Россияга КМШ өлкөлөрүнүн жарандары эркин кире алат
Эске салсак, Кыргызстан дагы четөлкөлүктөрдүн киришине чектөө койгон. Бул боюнча өкмөттүн буйругуна 22-март күнү киргизилген өзгөртүүлөргө караганда, Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдарга же Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдарга дагы эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин өлкөгө кирүүсүнө убактылуу тыюу салынган.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны — 42. Ал эми Тажикстанда COVID-19га чалдыккан бир дагы киши аныктала элек.

Өлкөдө абал кандай экенин тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0