Айдоочулардын температурасын текшерүү. Архивдик сүрөт

Казакстанда COVID-19 жуктурган киши Кыргызстанга келип кеткени айтылды

381
(жаңыланган 18:24 25.03.2020)
Илдетке кабылган киши айдоочу болуп иштейт. Абалы канааттандырарлык. Алгач андан оорунун белгилери байкалган эмес, анализинин жыйынтыгы менен гана коронавирус жуктурганы аныкталган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жамбыл облусунун 29 жаштагы тургунунан коронавирус аныкталды, ал буга чейин Кыргызстанга барып келген. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Бүгүн, 25-мартта, Шу районунун жашоочусунан коронавирус аныкталды. Бул Жамбыл облусундагы биринчи учур. Маалыматка караганда, илдетке кабылган киши айдоочу болуп иштейт. 23-мартта Кыргызстанга келип кеткен. Учурда абалы канааттандырарлык. Оорунун белгилери байкала элек.

"Жаран 23-мартта Кыргызстандан келген. Башкы дарыгердин токтому менен 24-март күнү бир суткага изоляцияланган. Абалы канааттандырарлык болчу, оорунун белгилери да байкалган эмес. Бирок анализинин жыйынтыгы анын коронавируска кабылганын көрсөттү. Учурда бейтап ооруканада", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин коронавирус жуктурган алматылык жигит Бишкекте бир күн жүрүп кеткени маалымдалган эле. 

381
Белгилер:
коронавирус, Жамбыл, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (439)
Тема боюнча
Казакстандан Кыргызстанга кирбей турган товарлардын тизмеси
ЖМК: Ханзаада Чарльз коронавирус жуктуруп алды
Алайдан Кара-Сууга өткөрбөй блокпостту куралчан аскерлер кайтарууда. Видео