Казакстанда коронавирус жуктуруп алган аял каза болду

© AFP / RUSLAN PRYANIKOVКазакстандын медицина кызматкерлери
Казакстандын медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 109га жетти. Ал эми Кыргызстанда бул вирустан 44 адам дарыланууда.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын арасынан бир аял каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат жана коомду өнүктүрүү министри Даурен Абаевдин айтымына таянып кабарлады.

"Бүгүн коронавирустан Казакстандын жараны, аял киши каза болду. Анын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", — деди министр.

Ал коронавирус өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин дагы бир жолу эскерткенин айтты.

Ситуация в Армении в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда COVID-19 жуктурган киши Кыргызстанга келип кеткени айтылды
"Азыр болуп жаткан нерсе баарыбыз үчүн сыноо. Бийлик жана дарыгерлер айткан эрежелерди аткаруу керек", — деди Абаев.

Эске салсак, Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 109га жетти.

Ал эми Кыргызстанда 44 адам бул илдеттен дарыланууда. Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына өзгөчө абал режими киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0