Казакстанда өзгөчө абалдын эрежесин бузган 64 адам камалды

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүСитуация в Казахстане в связи с коронавирусом
Ситуация в Казахстане в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн региондорунда чектөөлөргө карабай кафе, интернет-клубдар ишин токтотпой жатканы айтылат.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Казакстанда өзгөчө абал режиминин эрежесин бузган 64 адам камалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги коомдук өнүктүрүү жана маалымат министри Даурен Абаевге таянуу менен жазды.

Ал киргизилген чектөөлөргө карабай бардык региондордо мааракелерди өткөрүү улантылып, кафе, интернет-клубдар ишин токтотпой жатканын айткан.

“Баары болуп 313 факты аныкталды. Ал эми 94 адам жоопкерчиликке тартылып, анын ичинен 64ү камалды. Өзгөчө абалдын талаптарын түшүнүү менен кабыл алган жарандарыбыз көп. Бирок баары тегиз тил албайт экен. Аларга административдик укук бузуулар кодексинин негизинде 26 510 теңге (4000 сом) айып салынат же 15 суткага камалат”, — деди Абаев.

Ситуация в Армении в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда COVID-19 жуктурган киши Кыргызстанга келип кеткени айтылды
Соңку маалымат боюнча, Казакстанда 80 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен эки киши айыгып, бүгүн, 26-мартта, ооруканадан чыгарылары күтүлүүдө.

Өлкөгө 16-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген. Ал эми 19-марттан тарта Нур-Султан менен Алматы карантинге жабылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0