Өзбекстанда коронавирустан өз алдынча дарыланган медик көз жумду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТез жардам дарыгери. Архив
Тез жардам дарыгери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз жумган дарыгер Өзбекстанда биринчи жолу коронавирус жуктурду деп каттоого алынган адам менен байланышта болгон. Ал 26-мартта оор абалда клиникага жеткирилген.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Өзбекстанда коронавирустан экинчи адам көз жумду. Ал врач болуп туруп өз алдынча дарыланганын Sputnik Өзбекстан агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип жазды.

Ага ылайык, көз жумган бейтап 39 жаштагы эркек киши.

"Бүгүн коронавирустан экинчи адам өлүп, ал дарыгер экендиги белгилүү болду. Өлкөдө алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына карабай маркум ооруканага кайрылган эмес. Үйдө өз алдынча дарылануу менен алектенген", — деп айтылат маалыматта.

Сөөк койуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан көз жумгандар кантип көмүлөт. Министрлик менен муфтияттын сунуштамасы
Көз жумган киши Өзбекстанда биринчи жолу коронавирус жуктурду деп каттоого алынган адам менен байланышта болгон. Ал 26-мартта оор абалда клиникага жеткирилген. Учурда дарыгер менен байланышта болгондор аныкталып жатат.

Коңшу өлкөдө коронавирустан биринчи жолу улгайган аял көз жумган.

Соңку маалыматтар боюнча, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 104кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0