Метро станцияда. Архив

Кытай бийлиги коронавирус эпидемиясын токтоткондугун жар салды

2313
(жаңыланган 20:09 29.03.2020)
Жарандары көп каза болгон өлкөлөрдүн сап башында Италия (10 миңден ашып кетти), Испания, Кытай, Иран, Франция жана Улуу Британия турган. Учурда COVID-19 эң көп жуккан адам саны (124 миң) АКШда болууда.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кытайдын аймагында коронавирус инфекциясынын таралышын токтотууга мүмкүн болду. Бул туурасында РИА Новости Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Ми Фэндин айтканын жазды.

"2020-жылдын 28-мартына карата коронавирус жуктуруп алды деп анализи аныкталгандардын саны үч миңден аз болду", — деген ал брифингде.

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда COVID-19 чыккандан тарта аны жуктуруп алгандардын саны 82 миң болсо, 75 576сы сакайып кеткен. Ал эми, тилекке каршы, 3300ү көз жумган.

Бүгүнкү күндө COVID-19 дүйнөнүн 177 өлкөсүнө тарады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, 570 миң киши жуктуруп алса, анын 26 миңи каза тапты.

Ал эми Жонс Хопкинс университетинин маалыматына таянсак, бул вирусту 665 миң киши жуктуруп, 30 852и көз жуумп, 141 миңи айыгып кеткен.

Жарандары көп каза болгон өлкөлөрдүн сап башында Италия (10 миңден ашып кетти), Испания, Кытай, Иран, Франция жана Улуу Британия турган. Учурда COVID-19 эң көп жуккан адам саны (124 миң) АКШда болууда.

Россияда 1534, ал эми Кыргызстанда 84кө жетти.

2313
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, Кыргызстан, Россия, АКШ, Кытай
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (852)
Тема боюнча
Бишкек: коронавирустан улам онлайн-той кылып үйлөнгөн түгөйдүн видеосу
Москвада калган 400дөй кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Видео
Шалаакыларга катуу чара көрүлөт! Боронов айрым мекемелердин ишин сынга алды
Алматы шаарында эркек кишиден коронавирусту аныктоочу анализ алуу. Архивдик сурөт

Кыргызстанга салыштырмалуу өлгөндөр аз. Коңшу өлкөлөрдө абал кандай болууда

1508
(жаңыланган 12:53 08.07.2020)
34 миллион калкы бар Өзбекстанда коронавирустан 40 гана адам каза болгон. Тажик бийлиги дагы өлкөдө оору жуктургандардын саны азая баштаганын айтууда.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстанда соңку 10 күндөн бери эпидемиологиялык кырдаал оорлошуп, COVID-19 жуктурган жана андан каза тапкандардын саны өсүп жатат.

Sputnik Кыргызстан ушул эле учурда коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалды билип көрдү.

Казакстан

Бул өлкөдө 51 059 казакстандык коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Анын ичинен 16 928 адам айыгып чыкса, оору 264 бейтаптын өмүрүн алган. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кечээ, 7-июлда, пневмония менен 28 миң адам ооруканага кайрылып, анын ичинен 330 бейтаптын абалы оор экенин айткан. Мындан айыккандар жана каза болгондор тууралуу маалымат берген эмес.

Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин

Өзбекстан

7-июлга карата жарыяланган статистика боюнча, Өзбекстанда COVID-19га кабылгандардын саны 10 587 адамды түзөт. Анын арасынан 6 690 бейтап сакайып, 40 адам ажал тапты. Соңку күндөрдү каза болгондор көбүрөөк катталууда. Өзбек бийлиги пневмония боюнча өзүнчө маалымат бербейт.

Тажикстан

Өлкөдө коронавирус илештиргендердин саны 6 315ке жетип, 4 965 киши айыгып чыкты. Ошол эле учурда 53 тажикстандык ажал тапкан. Бирок соңку үч күндөн бери көз жумгандар каттала элек. Тажикстан дагы өпкөнү сезгенткен оору боюнча статистиканы жарыялабайт.

Пульмонолог: азыркы пневмония — COVID-19 вирусу чакырган илдет

Кытай

Оорунун очогу чыккан өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал басаңдаган. Коронавирус жуктургандардын саны 84,9 миң бойдон турат. Айыккандар 79,7 миң, каза болгондор 4 641 адамды түзөт.

Россияда

Бир миллионго жакын кыргызстандык жүргөн Россияда 694 230 адам вирус жугузган. Анын ичинен 463 880и айыгып, 10 494ү көз жумду. Пневмонияга чалдыккандар өзүнчө каралган эмес.

Ал эми Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 8 486га жетти. Анын ичинен 2 983ү айыгып, 112 адам көз жумду. Аны менен бирге өпкөнү сезгенткен пневмония дартынан бир суткада 44 адам каза болуп, жалпы саны 268ге жетти.

ДССУ Россиянын СOVID-19га каршы вакцинасына кызыгууда. Видео

Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, дүйнө жүзүндө 11,8 миллион адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми каза болгондордун саны 543 558ди түзөт, айыккандар 6,4 миллион.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

1508
Белгилер:
коронавирус, чет өлкө, коңшу, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Дүйнө
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (852)
Тема боюнча
Акыркы суткада дагы 62 медиктен коронавирус чыкты
ДССУ: дүйнөдө коронавируска каршы 141 вакцина иштелип чыгууда
Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек
Тойдогу коюлган дасторкон. Архивдик сүрөт

Бир күндө үч той өткөрүп, 79 кишини ооруткан үй-бүлө. Өзбекстандагы окуя

245
(жаңыланган 12:37 08.07.2020)
Саламаттык сактоо министри той-аштар элдин арасында коронавирустун таралышын шарттап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өзбекстандын Юнусубад районунда бир күндө үч той өткөргөн үй-бүлө 79 адамдын коронавирус менен ооруп калышына себепкер болду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Өзбекстандын саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов бул туурасында жергиликтүү телеканалга айтып берген. Ал той-аштар элдин арасында коронавирустун таралышын шарттап жаткандыгын белгилеген.

Ферганадан Баткенге гуманитардык жардам келди

"110 жаран үйлөнүү тойго барып COVID-19га кабылган. Юнусубад районундагы бир үй-бүлө 30 адамды гана чогултуп той берүү болот деген талапты сактайм деп бир күндө үч ирет той кылган. Анын кесепетинен 79 адам дал ошол жерден коронавирус жуктуруп алган", — деген Шадманов.

Өзбекстанда коронавируска кабылгандардын саны 8-июлга карата 10 587 адамга жетти. Алардын ичинен 6 690у айыгып чыкса, тилекке каршы, 40 адам каза тапкан.

245
Белгилер:
өлүм, тыюу салуу, той, коронавирус, Өзбекстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (852)
Тема боюнча
Өзбекстан Кыргызстанга учак менен 8 тонна гуманитардык жардам алып келди. Сүрөт
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери текшерүү пунктунда турушат. Архив

Баткен карантин режимин күчөтүп, облуска кирип-чыгууга тыюу салды. Тизме

0
(жаңыланган 19:46 08.07.2020)
Жаңы эрежелерге ылайык, облустар аралык жүргүнчү ташыган автобус жана такси кызматынын иши токтотулат.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Баткен облустук штабында акыркы кырдаал талкууланып, коронавирустун жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында дагы бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, облус өз алдынча обочолонуп, жарандардын кирип-чыгуусуна толугу менен тыюу салынды.

Чектөөлөрдүн тизмеси:

  • 10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка облустарынын ортосундагы коомдук транспорт жана жеке такси кызматтары токтотулат;
  • Санитардык карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт;
  • Азык-түлүк, тамак-аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда бул унаалар жүргүнчү ташыбашы керек;

Ферганадан Баткенге гуманитардык жардам келди

  • Жаратылышка эс алууга чыгууга тыюу салынат;
  • Той-мааракелерди өткөрбөө боюнча кабыл алынган чектөөлөргө баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт;
  • Дары-дармек, тамак-аш азыктарынын баасын кымбаттаткан тараптарга катуу чара көрүлөт;
  • Өлкөнүн башка аймактарына дарыланууга барчу жарандар дарыгердин жолдомосу менен облустан чыга алат;
  • Облустун аймагындагы мал базарлар бир жумада бир күн гана иштөөсү белгиленет.
0
Белгилер:
токтотуу, такси, тыюу салуу, чектөө, Баткен
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Ошто мечиттер жабылып, базарлар бир жумада эки күн тазаланат. Жаңы эрежелер
Жалал-Абад мэриясы жума намазга, той-аштарга чектөө киргизди