COVID-19 жуктургандардын тизмесинде Кытай артка жылууда. Дүйнөдөгү абал

© AFP / NICOLAS ASFOURIКиши менен аял аэропортто чогуу турган учурда. Архив
Киши менен аял аэропортто чогуу турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дүйнө жүзү боюнча 785 709 киши коронавируска кабылды. Алардын ичинен 37 686сы каза таап, 165 837 бейтап сакайды.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. COVID-19 вирусун жуктургандардын саны боюнча Испания үчүнчү орунга чыгып, Кытайды төртүнчү орунга түшүрдү. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтынан көрүүгө болот.

Кытай жыл башынан бери бул тизмеде биринчи орунда болуп келип, өткөн аптада аны АКШ менен Италия озуп өткөн.

Медициналык маска жана перчатка кийген дүкөндөгү сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аллергиясы барларга коронавирус канчалык кооптуу?
31-март күнкү эртең мененки маалыматка караганда, АКШда вируска кабылгандардын саны 165 274кө жетти. Италия — 101 739, Испания — 87 959, Кытай — 82 240, Германия — 66 885, Франция — 45 170, Иран — 41 495, Улуу Британия — 41 495, Швейцария — 15 992, Бельгия — 11 899, Нидерланддар — 11 817, Түркия — 10 827. Калган өлкөлөрдө ооруп калгандардын саны 10 миңге жетпейт.

Коңшу өлкөлөр тууралуу айта кетсек, Казакстанда 325 кишинин вируска кабылганы аныкталды. Ал эми өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги бул көрсөткүч май айына чейин 3,5 миңге жетет деп божомолдоодо.

Өзбекстанда болсо бүгүнкү күндө 150 адам коронавирустан дарыланып жатат.

Кыргызстанда 31-мартка карата вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны — 94. Алардын арасынан үчөө сакайып, үйүнө чыгарылды.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Учурда дүйнө жүзү боюнча 785 709 киши коронавируска кабылды. Алардын арасынан 37 686сы каза таап, 165 837 бейтап сакайды.

Жаңылыктар түрмөгү
0