Казакстанда эки медайым коронавирус жуктуруп алды

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүДарыгерлер коронавируска анализ алып жаткан убакытта
Дарыгерлер коронавируска анализ алып жаткан убакытта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөдө жалпысынан 325 адам COVID-19 жуктурганы аныкталды. Алардын көбү Нур-Султан менен Алматы шаарларында.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Казакстанда эки медайым коронавирус жуктуруп алды. Бул туурасында өлкөнүн ыкчам штабы маалымадады.

Ак халатчандардын жумуш учурунда же башка жакта жүрүп жуктурганы туурасында так айтылган эмес.

"Адистердин айтуусу боюнча, дарыгерлердин инфекцияны жуктуруп алышына иммунитети төмөн экени себеп болгон", — деп жазылат маалыматта.

Казакстанда бүгүн дагы 17 адамдан коронавирус табылганы белгилүү болду. Ыкчам штабдын билдиришинче, коңшу өлкөдө жалпысынан 325 адам COVID-19 жуктурганы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Нур-Султан жана Алматы шаарларында. Өлкөдө 16-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0