Казакстан автоунаалар үчүн бардык чек ара пункттарын жабат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы көзөмөл пункту. Архив
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишембиден тарта Казакстан автоунаалар үчүн чек арасындагы 20 өткөрүү пунктун жабат. Бул өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 402ге жетти.

БИШКЕК, 2-апр — Sputnik. Казакстан автоунаалар үчүн чек арасындагы 20 өткөрүү пунктун жапканы жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

4-апрелден тарта төмөнкү өткөрүү пунктулары эч кимди кабыл албайт:

  • Кытай менен чектешкен "Кольжат" (Алматы облусу), "Бахты" жана "Майкапчагай" (Чыгыш Казакстан облусу) пунктулары;
  • Россия менен чектешкен "Кондыбай", "Акбалшык" (Костанай облусу), "Кызыл Жар" (Түндүк Казакстан облусу), "Найза" (Павлодар облусу), "Жезкент", "Байтанат", "Коянбай" (Чыгыш Казакстан облусу), "Ордо", "Шаган" (Батыш Казакстан облусу), "Карашатау" (Актөбө облусу);
  • Кыргызстан менен чектешкен "Аухатты", "Кордай", "Сыпатай батыр", "Сартөбө" (Жамбыл облусу), "Кеген" (Алматы облусу);
  • Өзбекстан менен чектешкен "Целинный" жана "Сырдарья" (Түркстан облусу).

Акыркы маалыматтарга карганда, коңшу өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 402ге жетти. Алардын ичинен үчөө көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0