Медайымдардын чыры, сыртка чыга албаган карылар. Коңшуларда абал кандай

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүМедициналык дарыгер колун жууп жаткан убакытта. Архив
Медициналык дарыгер колун жууп жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөлөрдөн Тажикстан коронавирус жуктурбаган саналуу өлкөлөрдүн катарында келе жатат, ал эми Кытай вирусту дээрлик жеңди. Өзбекстан менен Казакстанда ооругандардын саны өсүп барат.

БИШКЕК, 2-апр — Sputnik. Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 402ге жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. Эң көбү Нур-Султан (191 киши) жана Алматы (90 киши) шаарларында. Акыркы маалыматтарга караганда, COVID-19 коңшу өлкөнүн бардык аймактарын каптап, жалгыз Костанай облусу аны жолотпой турат. Каза болгондордун саны — 3.

Ал ортодо Нур-Султанда вирус жуктургандар менен иштеген медайымдар март айынын айлыгын алган соң анын өлчөмүнө нааразы болуп чыгышты. Кошумча акы ала албаган кызматкерлерге саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов жооп кайтарып, тез арада бул ишти иликтеп чыгууга убада берди.

Ал эми Өзбекстанда COVID-19 вирусуна 181 киши кабылды. Анын ичинен 12 жаран сакайып, экөө каза болду.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан автоунаалар үчүн бардык чек ара пункттарын жабат
1-апрелден тарта өлкө бийлиги 65 жаштан өткөн жарандарына үйдөн чыгууга катуу тыюу салды.

Тажикстан болсо коронавирус жуктура элек саналуу өлкөлөрдүн катарында турат. Бүгүнкү күндө мында COVID-19 вирусу каттала элек.

Кытай тууралуу айтсак, коңшулар коронавирусту дээрлик жеңди. Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда вирус жуктургандардын саны 82 миңден тегереги, бирок 76 426 киши сакайып кетти. Көз жумгандар — 3 316.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 2-апрелде 116га жетти. Алардын 63ү — аял, 53ү — эркек. 15 жашка чейинки балдардын саны — 11. Беш киши сакайып, ооруканадан чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0