Казакстанда өзгөчө абал режими узартылды

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүПолиция кызматкери Алма-Атадагы блокпостто. Архив
Полиция кызматкери Алма-Атадагы блокпостто. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы бүгүн облустар менен шаар акимдеринин жана башка жетекчилик кызматтагылардын катышуусунда онлайн-жыйын курду.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Казакстандын бийлиги өзгөчө абал режимин апрелдин аягына чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматка караганда, 10-апрель күнү президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өзгөчө абал режими боюнча Мамлекеттик комиссиянын онлайн-жыйыны болуп өттү.

"15-апрелде өзгөчө абал киргизүү боюнча Жарлыгым аягына чыгат. Бирок учурдагы абалыбыз режимди жок дегенде апрелдин аягына чейин узартуу керектигин көрсөтүп турат. Мындан тышкары, Нур-Султан, Алматы, Шымкент шаарларында жана бир катар облустарда карантин уланат. Элдин сыртка чыккысы келип турганын жакшы түшүнөм, бирок азыркы шартта обочолонуудан башка арга жок", — деди Токаев.

Президент белгилегендей, Казакстанда коронавирус эпидемиясы басаңдай элек.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда 802 адамдан коронавирус табылган, алардын 60ы сакайып кетти. Ал эми тогуз киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0