Чыгыш Казакстандын токоюнда өрт чыгып, тик учактар тартылды. Сүрөт

© Sputnik / Alexander Kryazhev / Медиабанкка өтүүЛиквидация пожаров в Красноярском крае
Ликвидация пожаров в Красноярском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, өрт мамлекеттик токой фондунун аймагына жармашты. Анын аянты 100 гектарга чамалайт.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Чыгыш Казакстан облусундагы “Семей Орманы” коругунун аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. 

Маалыматка караганда, жалынды өчүрүүгө тик учактар дагы тартылды. Өрт 23-апрель күнү саат 15:00дө башталган.

“Токой күйүп жатат. Өрт Иртыш жээктеринен мамлекеттик токой фондунун аймагына жармашты. Анын аянты 100 гектарга чамалайт”, — деп айтылат маалыматта.

Саат 15:35те Усть-Каменогорскиден МИ-8 (суу чачкычы бар) үлгүсүндөгү учак чакыртылган. Ошондой эле 26 өрт өчүрүүчү унаа, токой өртүнө ылайыкташкан төрт атайын комплекс, үч трактор, эки кайгуул унаасы, МИ-2 үлгүсүндөгү бир тик учак жана 75 адам тартылды.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 16 метрге жетип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0