Медкызматкерлери тез жардам унаасында. Архивдик сүрөт

Ыйлатат! Казакстанда COVID-19 менен күрөшкөн медиктер тууралуу тасма тартылды

(жаңыланган 18:27 25.04.2020)
Тасма алты мүнөттүк, кыскаметраждуу. Анда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар жаткан ооруканадагы жашоо жана дарыгерлер бул вирусту кантип жуктуруп алгандыгы көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Алматынын акими Бакытжан Сагинтаев COVID-19 менен күрөшкөн медиктердин жумушу тууралуу видеону соцтармакка бөлүшкөн. Көзгө жаш алдырган чакан тасманы Sputnik Казакстан жарыялады.

Фильм алты мүнөттүк, кыскаметраждуу. Анда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар жаткан ооруканадагы жашоо жана дарыгерлер бул вирусту кантип жуктуруп алгандыгы көрсөтүлөт. Видеодо көрүнүп тургандай, оорукана толо бейтап, коргоочу кийимдер менен медиктер карбаластап аларга жардам берип жүрөт. Бир бейтапты аппаратка туташтырса, бири ыкшып жөтөлүүдө. Стационарга жатуудан баш тарткан эркек медиктерге жулунуп, алардын маскасын атайын чечип салат.

Кийинчерээк ал медиктен коронавирус аныкталып, ал да бейтаптардын катарында коргоочу кийими жок жатып калат. Ооруп калган медик кызынын туулган күнүнө да бара албай калган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Бакытжан Сагинтаев (@sagintayev.b)

Аким Instagram баракчасына жарыялаган видеонун алдына дарыгерлер чыныгы баатырлар экенин баса белгилеп жазган.

"Фронттун алдыңкы катарында тургандар. Бардык соккуну медициналык кызматкерлер биринчи алууда. Дарыгер — чыныгы баатыр. Колдойбуз. Сыймыктанабыз. Биз силер менен", — деп жазган ал.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда коронавирус аныкталгандардын саны 2482ге жетти.

Белгилер:
Казакстан, коронавирус, медик, видео, тасма
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1377)
Тема боюнча
Кызымдын жазганын окуп ыйладым. Италияда жашаган Миргүл айымдын маеги
Дааваттан келгендер медиктерди абдан кыйнады. Жумгалдагы дарыгердин маеги
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров

Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

(жаңыланган 11:33 19.04.2021)
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров өлкөдө өндүрүш ишканалары дээрлик иштебей жатканын белгиледи.
Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.

"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.

Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.

Белгилер:
Төлөнбек Абдыров, Евразиялык экономикалык биримдик, пандемия, айыл чарба, экономика
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду
Тазалоочу айым. Архив

Асылып жанын койбогон жетекчисин швабра менен сабап... Кытайлык кыздын видеосу

(жаңыланган 10:23 19.04.2021)
Видео интернетке жайылып кеткен соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында жетекчинин кызматтан кеткени айтылды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кытайдын социалдык тармагында жетекчисин швабра менен башка-көзгө чапкылаган кыздын видеосу желдей тарады. RT басылмасы билдиргендей, эркек киши кызга асылып, ыплас билдирүүлөрдү тараткан.

​Окуя 11-апрель күнү Суйхуа шаарында (Хэйлунцзян провинциясы) болгону маалымдалды. Кыздын шаардагы жакырчылык менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысын швабра менен чапкылаган видеосу 14 мүнөткө созулат.

Билдирмеге ылайык, кытайлык кыз жетекчисинин туура эмес, ыплас билдирүүлөрдү жибергенине жини келген. Начальниги кыз швабра менен ургулай баштаганда кечирим сурап, тамашалап койгонун айткан.

Видео интернетке желдей тараган соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында бөлүм башчынын кызматтан кеткени айтылды. Ошондой эле ал Кытайдын Коммунисттер партиясынын катарынан да чыгарылган.

Белгилер:
видео, жетекчи, интернет, окуя, Кытай
Тема боюнча
Жумушка барбаш үчүн 4 жолу үйлөнүп, 3 ирет ажырашкан. Тайвандагы окуя
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков ЖККУнун түзүлгөн максаты уюмга мүчө-мамлекеттерди тышкы агрессиядан сактоо болгонун айтты.

Жамааттык коопсуздук келишим биримдиги ага мүчө болгон өлкөлөрдү сырткы коркунучтардан сактоо максатында 1992-жылдын 15-майында түзүлгөн. Ошол кездеги курамына Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирген. Бир жылдан соң Азербайжан, Өзбекстан жана Беларусь мүчөлүкө кабыл алынган. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Анын айтымында, аталган уюм учурда бир гана террорчулук менен күрөшүүдө эмес, мыйзамсыз миграция, баңгизатын ооздуктоо жана IT багытындагы кылмыштуулуктарга каршы турууда да жетишкендиктерди көрсөтүп келет.

"ЖККУга кирген мамлекеттер 2002-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн күчөттү десек болот. Ушул убакыттан тарта ыкчам аскердик күчтөрдү тартууга басым жасалган. Бул максатта Кыргызстандан да бир батальон кошулган. Албетте, биримдиктеги аскер күчтөрүнүн 80 пайыздан ашыгын Россиянын күчтөрү камсыздайт. Ошентсе да бардык мүчө-мамлекеттер ар кандай сырткы коркунучтарга бирдиктүү күрөшүүгө даяр болгон чоң, өз тарыхы, орду бар уюм десек болот. Алгач биримдик террорчулук, экстремизмге каршы туруу үчүн гана түзүлсө, азыркы учурда интернет технологияларынын жардамы менен келтирилүүчү коркунучтарга, баңгизаты менен күрөшүүдө жана мыйзамсыз миграцияны ооздуктоодо чоң-чоң иштерди жасоодо", — деди Медетбеков.

Ал ЖККУнун чыгымдарынын 50 пайызын Россия каржылай турганын, калган 50 пайызын башка мүчө-өлкөлөргө бөлөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, учурда биримдикке алты өлкө мүчө.

Белгилер:
коопсуздук, уюм, ЖККУ, Артур Медетбеков
Тема боюнча
Медетбеков: экстремизмдин бир нече түрү бар