Казакстан коронавирустан улам өзгөчө абалды 11-майга чейин узартты

© REUTERS / PAVEL MIKHEYEVАлматы шаарында блокпостто турган кызматкерлер. Архив
Алматы шаарында блокпостто турган кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстан да башка өлкөлөр сыяктуу эле коронавирустун апаатына кабылып, бир нече адам көз жумган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирустан улам өзгөчө абалды 11-майга чейин узартты. Бул туурасында Sputnik Казакстан кабарлады.

"Эгерде эпидемия кайрадан жанданып кетпесе, мыйзам боюнча 11-майда өзгөчө абал аягына чыгат. Бул кайталанбайт деп ишенем”, — деген президент өзүнүн билдирүүсүндө.

Казакстан башка өлкөлөр сыяктуу эле коронавирустун апаатына кабылып, бир нече адам көз жумган.

Эпидемиологиялык кырдаалдан улам өлкөдө 16-марттан 1-майга чейин өзгөчө абал киргизилген.
27-апрелдеги маалыматтарга таянсак, аталган өлкөдө COVID-19 жуктурган 2 717 учур катталган. Анын ичинен 27 адам көз жумса, 682 киши айыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0