Оорукана курулуп, коронавирустан айыккандар көбөйүп... Коңшулардагы абал

© REUTERS / David W CernyКишилер эшикте күтүп жатышат коронавирус тест өткөнү үчүн. Архив
Кишилер эшикте күтүп жатышат коронавирус тест өткөнү үчүн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанга караганда Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны көп. Ал эми миллиондогон мекендештер жүргөн Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 80 миңден ашты.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги коронавирустан улам коңшу жана өнөктөш мамлекеттерде түзүлгөн кырдаалга абай салды.

Казакстан

Алматы шаарында жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу бүтүп, коронавирус жуктуруп алган бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.

Барселона шаарындагы көчөдө киши коопсуз бет капчан бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир нече мамлекет COVID-19га байланышкан чектөөлөрдү жеңилдетип жатат
Маалыматка ылайык, 280 бейтапка ылайыкташкан оорукана 18 күндө салынып бүткөн. Азыркы тапта анда коронавирусту жуктуруп алган 43 адам дарыланып жатканы айтылды. Ушундай эле оорукана Нур-Султан шаарында эки жумада салынып бүткөн.

Баса, Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2717ни түзөт. Акыркы маалыматтар боюнча, COVID-19 вирусунан 682 бейтап айыкса, 25 адам көз жумган.

Коңшу мамлекетте да коронавирус көп катталган аймактарына өзгөчө абал режими киргизилген. Карантинде үйдө отургандан тажаган балдар президентке соцтармактан видео аркылуу кайрыла башташты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от HOLA News Kazakhstan (@holanewskz)

Ал арада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин 11-майга чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Өзбекстан

27-апрелге карата Өзбекстанда 1887 адамдан коронавирус аныкталды. Бирок Казакстанга салыштырмалуу бул мамлекетте айыккандардын саны көп. Вирустан 789 бейтап сакайды. Тажрыйбасы менен бөлүшүү максатында бул өлкөгө да Кытайдан 15 медик барган.

Тажикстан

Кыргызстанга коңшу мамлекеттердин ичинен Тажикстанда коронавирус каттала элек. Бирок өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги 27-апрелден 10-майга чейин мектеп, бала бакчаларды кезексиз каникулга таратты. Министрлик муну карантин эмес, убактылуу каникул деп түшүндүрдү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери Тажикстан менен Түркмөнстанга барып коронавирустун бар-жогун текшерери айтылган.

Дарыгер укук коргоо кызматкери менен чогуу блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дээрлик 700 адамга жукту. COVID-19 көп катталган аймактар жана жаш курагы
Россия

Миллиондогон кыргыз мекендештери иштеп, оокат кылып жүргөн Россияда коронавирус жуктургандардын саны 80 949 болду. COVID-19 747 адамдын өмүрүн алса, андан 6767 бейтап айыккан. Кыргызстан Россиядан келе албай жаткан мекендештерди чекесинен алып келүүдө. Россиянын вирусолог, биологдору өкмөткө изоляция режимин 12-майга чейин узартууну сунушташты.

Кытай

Оорунун очогу аталган Кытай кадимки жашоого акырындап кайта баштады. Бул мамлекетте коронавирус жуктурган учурлар бирин-серин катталууда. Бирок көп эмес. Акыркы суткада Кытайда коронавирус үч гана кишиден табылып, 80 бейтап айыгып чыккан. Жалпы 82 830 киши коронавирус жуктурса, анын 77 474ү айыгып чыгып, 4633 адам каза болгондугу маалымдалды.

Кыргызстан

Кыргызстанда да Өзбекстандагыдай айыккандардын саны көбөйө баштады. Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус жуктурган жалпы 695 учур катталды. Анын ичинен 395и айыкса, COVID-19 сегиз адамдын өмүрүн алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0