Өзбекстан жасалма дем алдыруучу аппарат чыгарууга белсенди

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүОоруканадагы реанимация бөлүмүндө дем алдыруучу аппарат. Архив
Ооруканадагы реанимация бөлүмүндө дем алдыруучу аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандык адистер россиялык кесиптештери жана словакиялык компания менен биргеликте иш алып барууда.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ушул күздөн тарта Өзбекстан өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат чыгарууга киришмекчи. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабы билдирди.

Өзбекстан Россияга бет кап түрүндөгү гуманитардык жардамдын үчүнчү партиясын жеткирди - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан Россияга үч ирет гуманитардык жардам жөнөттү
Аталган аппаратты чыгаруу боюнча өзбекстандык адистер россиялык кесиптештери жана словакиялык компания менен биргеликте иш алып барууда.

Азыркы тапта жасалма дем алдыруучу аппараттын прототиби, башкача айтканда, сыноодон өткөрүлө турган үлгүсү даярдалып бүткөн. Тиешелүү сыноодон жана текшерүүдөн өткөндөн кийин аппараттар күз айынан тарта колдонууга чыгарылары күтүлүүдө.

Соңку маалымат боюнча Өзбекстанда 1939 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, анын кесепетинен сегиз адам каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0