ДССУ: Тажикстан менен Түркмөнстанда пневмониядан өлгөндөр көбөйдү

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДССУнун аймактык директору Тажикстан менен Түркмөнстандагы кырдаалга тынчсызданып жатканын айтып, эки мамлекеттин тең лидерлерине ДССУнун сунуштамаларын так аткарууга чакырды.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европадагы аймактык бюросунун директору Ханс Клюге Россиянын Колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси Анна Поповага Борбор Азиядагы миссияларына жардам беришин суранып кайрылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Тажикстан жана Түркмөнстанда эксперттик миссиябызды аткаруу иштерине силердин борбордун адистеринин катышуусун суранат элем. Бул өлкөлөрдө коронавирус катталган учур жок болгону менен пневмониядан көз жумгандардын саны көбөйүп жатат. Россиянын жардамы техникалык жана саясий жаатта өтө маанилүү”, — деди Клюге.

Испаниядагы Гранада шаарында аскер кызматкерлери коопсуз костюмчан жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан COVID-19 менен күрөшүүдө Испаниянын тажрыйбасын алууга кызыгууда
Ошондой эле ал бул өлкөлөрдөгү кырдаалга тынчсызданып жатканын айтып, эки мамлекеттин тең лидерлерине ДССУнун сунуштамаларын так аткарууга чакырды.

Коронавирус тууралуу

Коронавирус узаган жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тараган. Андан бери 200гө чукул мамлекетке жайылып, 30-апрелде аны жуктургандардын саны жер жүзүндө 3 193 961ге жетти.

Учурда дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттери ага каршы вакциналарды жана дары-дармектерди жасоо менен алектенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0