Тажикстанда дароо 15 кишиден коронавирус аныкталды

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWЛабораториянын кызматкери коронавируска анализдерди кармап турат. Архив
Лабораториянын кызматкери коронавируска анализдерди кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, ушул күнгө чейин Тажикстанда коронавируска кабылган бир дагы учур аныктала элек болчу.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Тажикстанда 15 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып жазды.

Блок посттогу ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эртеңден баштап Бишкектеги блокпосттордун баары алынат
Маалыматка караганда, өлкө аймагында илдетке кабылган адамдар бар экени пандемияны алдын алуу боюнча түзүлгөн Республикалык комиссиянын шашылыш жыйынында жарыяланган. Чогулуш өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзоданын жетектөөсүндө өткөн.

15 кишинин 10у Хожентте, бешөө Душанбе шаарында экени айтылды.

Белгилей кетсек, ушул күнгө чейин Тажикстанда коронавируска кабылган бир дагы учур аныктала элек болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0