Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетип жатканы төгүндөлдү

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принимает участие в заседании Высшего Евразийского экономического совета
Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Высшего Евразийского экономического совета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаев кызматтан кетерин жарыялаган видео тараганы айтылат.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин башчылыгынан кетип жатат деген видео фейк экендигин анын маалымат катчысы Айдос Укибай билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Мурдагы өлкө башчынын катчысы билдирүүнү Twitter баракчасына жазды.

"Элбасынын билдирүүсү" деп аталган видео жасалма экендигин сизге маалымдап койгум келет", — деген Укибай.

К.-Ж. Токаев выдвинут кандидатом в президенты Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Токаев Дарига Назарбаевага арнап твит жазды
Ал фейк видеону жасагандар жоопко тартыларын белгилеген. Назарбаевдин өкүлү мындай жаңылыктардан алыс болууну жана маалыматты расмий булактардан текшерүүнү суранган.

Буга чейин социалдык тармактарда Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаев кызматтан кетерин жарыялаган видео тараганы айтылат. Видеодо кадрлар монтаждалганы жана кээ бир жерде сөздөр ооздун кыймылына дал келбегени байкалган.

Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2-майда Дарига Назарбаеваны депутаттык укуктан ажыратуу боюнча жарлыкка кол койгон

Жаңылыктар түрмөгү
0