Оорукана кызматкери

Тажикстанда коронавирустан алгачкы эки адам көз жумду

447
Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жуктуруп алгандар боюнча статистиканы жаңылап, анда биринчи курмандыктар айтылды.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Тажикстанда коронавирустан алгачкы эки адам каза тапкандыгын Тоҷикистон телеканалы Саламаттык сактоо министрлигине таянып кабарлаган.

Статистика боюнча, 2-майда эки киши COVID-19дан кайтыш болгону белгиленген.

Мындан сырткары, инфекция 76 кишиден табылган. Учурда дарыгерлердин кароосунда 2,8 миң пациент турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ооруканадан текшерилип, 217 адам канааттандырарлык абалда чыккан.

Өлкөнүн коронавируска каршы иш алып баруу боюнча Республикалык штабынын маалыматына караганда, Тажикстанда биринчи илдет 30-апрелде катталган. Анда дароо 15 кишиден инфекция табылган. Алардын бирөө Согди, ал эми бешөө Душанбе шаарынан чыккан.

447
Белгилер:
өлүм, коронавирус, Тажикстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1096)
Тема боюнча
ДССУ: Тажикстан менен Түркмөнстанда пневмониядан өлгөндөр көбөйдү
Тажикстанда дароо 15 кишиден коронавирус аныкталды
Тажикстандын кайрадан шайланган президенти Эмомали Рахмон. Архив

Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрга белгиленди

82
Тажикстанда 11-октябрь күнү президенттик шайлоо өткөн. Анда шайлоочулардын 90 пайызынын добушун алган Эмомали Рахмон кайрадан өлкө башчылыкка келген.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Тажикстандын кайрадан шайланган президенти Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрга белгиленди. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Бул күнү өлкө парламентинин жогорку жана төмөнкү палаталарынын биргелешкен жыйыны өтөт. Тажикстандын мыйзамы боюнча, президент расмий түрдө ишке киришүү үчүн эки палатанын биргелешкен жыйынында ант берүүсү зарыл.

Эске салсак, Тажикстанда 11-октябрь күнү президенттик шайлоо өткөн. Анда шайлоочулардын 90 пайызынын добушун алган Эмомали Рахмон төрт атаандашын артка калтырып, кайрадан өлкө башчылыкка келген.

82
Белгилер:
инаугурация, Эмомали Рахмон, Тажикстан
Тема боюнча
Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматына киришти
Чалдыбар чек ара өткөрүү пунктагы кармалган зер буюмдарды

Казакстанга 10,2 млн. сомдук алтын алып өтүп бараткандар кармалды. Сүрөт

146
(жаңыланган 12:48 15.10.2020)
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган зер буюмдардын жалпы наркы 10 миллион 214,4 миң сомду түзөт.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Чек ара кызматы кечээ, 14-октябрда, "Чалдыбар" чек ара өткөрүү пунктунан Казакстанга 10,2 миллион сомдук зер буюмдарды алып өтүүгө аракет кылгандарды кармады. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

  • Золото общей суммой в 10,2 миллиона сом, которое пытались вывезти в Казахстан через КПП Чалдыбар. 15 октября 2020 года
    Чек ара кызматы кечээ, 14-октябрда, "Чалдыбар" чек ара өткөрүү пунктунан Казакстанга 10,2 миллион сомдук зер буюмдарды алып өтүүгө аракет кылгандарды кармады
    © Фото / пресс-служба ГПС КР
  • Автомашина Mersedes Benz Sprinter направляющаяся в Казахстан через КПП Чалдыбар с золотом общей суммой в 10,2 миллиона сом. 15 октября 2020 года
    Маалыматка ылайык, Казакстанга багыт алган Mersedes Benz Sprinter унаасы бекеттен өткөндө кылдат текшерүүгө алынган
    © Фото / пресс-служба ГПС КР
  • Золото общей суммой в 10,2 миллиона сом, которое пытались вывезти в Казахстан через КПП Чалдыбар. 15 октября 2020 года
    Кыргызстандын жараны болгон 27 жаштагы И.А. аттуу айдоочунун жанында бул буюмдарга тиешелүү эч кандай документ болгон эмес
    © Фото / пресс-служба ГПС КР
  • Золото общей суммой в 10,2 миллиона сом, которое пытались вывезти в Казахстан через КПП Чалдыбар. 15 октября 2020 года
    Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган зер буюмдардын жалпы наркы 10 миллион 214,4 миң сомду түзөт
    © Фото / пресс-служба ГПС КР
  • Золото общей суммой в 10,2 миллиона сом, которое пытались вывезти в Казахстан через КПП Чалдыбар. 15 октября 2020 года
    Тийиштүү документтер толтурулуп, бул ишти андан ары териштирүү үчүн айдоочу атайын органдарга өткөрүлүп берилген
    © Фото / пресс-служба ГПС КР
1 / 5
© Фото / пресс-служба ГПС КР
Чек ара кызматы кечээ, 14-октябрда, "Чалдыбар" чек ара өткөрүү пунктунан Казакстанга 10,2 миллион сомдук зер буюмдарды алып өтүүгө аракет кылгандарды кармады

Маалыматка ылайык, Казакстанга багыт алган Mersedes Benz Sprinter унаасы бекеттен өткөндө кылдат текшерүүгө алынган.

1,5 млн. сомдук сөйкөлөр. Оштогу шектүүнүн жер төлөсүнөн уурдалган алтындар табылды

"Текшерүү учурунда айдоочунун кабинасынан 3 килограмм 648 грамм алтын буюмдар салынган баштык табылган. Анда сөйкө, шакек, билерик, чынжырча жана кулон сыяктуу буюмдар болгон. Алар 10 кутучага таңгакталып, айдоочунун отургучунун астына жашырылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын жараны болгон 27 жаштагы И.А. аттуу айдоочунун жанында бул буюмдарга тиешелүү эч кандай документ болгон эмес. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган зер буюмдардын жалпы наркы 10 миллион 214,4 миң сомду түзөт.

Тийиштүү документтер толтурулуп, бул ишти андан ары териштирүү үчүн айдоочу атайын органдарга өткөрүлүп берилген.

146
Белгилер:
Казакстан, аткезчилик, зер, чек ара, кылмыш
Тема боюнча
Кыргызстанга 180 миң доллар киргизүүгө аракет кылган жаран чек арадан кармалды
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров

Садыр Жапаров аны криминал колдоп жатат деген кептерге жооп берди

39
(жаңыланган 15:33 20.10.2020)
Президенттин милдетин аткаруучу мамлекетти криминалдардан тазалоо үчүн бар күчүн жумшай турганын айтууда.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Al Jazerra телеканалына маек курду.

"Разговор с..." деп аталган берүү 19-октябрда эфирге чыгып, телеканалдын YouTube каналына дагы жарыяланды.

Маек учурунда Жапаров өзү башында турган жаңы бийлик алдына кандай тапшырмаларды койгонун айтып берген. Анын алкагында коррупцияга каршы күрөшүү, кадрдык системадагы өзгөрүүлөр жана Кыргызстандын келечеги тууралуу пландарын ортого салган.

Райым Матраимов кантип колго түшүрүлдү. Сүрөттөр

Ал эми журналисттин криминал менен байланышы туурасында берген суроосуна Жапаров "бул оппоненттер уюштурган кара пиар" деп жооп берген.

"Мени криминал колдоп жатканын айтышууда. Бул менин оппоненттеримдин кара пиары. Алар ушак таратып, элдин көңүлүн жаман нукка бурууну көздөп жатышат. Бул жөн гана сөз. Менин криминалга эч кандай тиешем жок", — деп айткан маегинде.

Ошондой эле ал мамлекетти криминалдардан тазалоо үчүн бар күчүн жумшай турганын кошумчалаган.

39
Белгилер:
пиар, байланыш, маек, криминал, Садыр Жапаров
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар
Тема боюнча
Ташиев: мыйзам бузса Камчы Көлбаевди дагы камайбыз
Садыр Жапаров кримчөйрөнү түп тамыры менен жок кыларын айтты. Видео