Дамба кырсыгы: Казакстан жарандарын жана төө баштаган мал-жанын алып чыгып кетти

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДарыянын суусунун көтөрүлүшүнүн кесепетинен жергиликтүү тургундар үйлөрдүн жанында. Архив
Дарыянын суусунун көтөрүлүшүнүн кесепетинен жергиликтүү тургундар үйлөрдүн жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруу иштерине Казакстандын Түркстан облусунан миңге чукул киши, төрт кайык жана 180 атайын техника тартылган.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. 31 миңден ашык кишини Казакстандын Түркстан облусунан 1-майда Өзбекстандагы дамба жырылгандан кийин көчүрүп чыгышканын Sputnik Казакстан жазды.

Суу каптаган үйлөрдүн саны 631ге чейин жеткендигин аймактык коммуналдык кызматтан кабарлашты.

Бүгүнкү маалыматтарга караганда, Жана-Турмыс аймагында - 46, Женисте — 130, Фирдоусиде — 250, Оргебаста — 194, Достыкта  11 үйдү суу каптады.

Буга чейин Атакент айылында эвакуциялык 24 пункт иштеп жаткан.

"Макта-Арал районундагы кыштактарда 2-майда 31 606 адамды алып чыгып кетишкен. Куткаруу иштерине 986 адам, төрт кайык жана 180 атайын техника тартылган", - дешти Түркстан облусунун администрациясынан.

Аталган аймактардын бир катар жерлерине полиция блокпостторду бирден, кээ бирине экиден орноткон.

Келес районуна кырсыктаган жерлерден 3 115 ири мал жана 1 101 баш кой-эчки, 585 жылкы жана 34 төө айдап келишкен.

"Эвакуацияланган жарандардын маанайы, көңүлү ар кандай. Бир тобу катуу коркуп калышкан. Өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлдөрү катер, кайыктарга түшүп, айылдарды айланып, турак жайлардын арасынан тирүү калган мал-жандыктарды издеп жүрүшөт. Кечээ менин көзүмчө Оргебастагы үй кулап түштү. Ал жактарга баруу жашоо үчүн өтө кооптуу", — деген окуянын күбөсү Кирилл Павлов.

Суу алдында калган айылдардын маселесин чечүү, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Өзбекстанда жырылган дамбадан чыккан суу Казакстандын дагы бир айылын каптай баштады - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда жырылган дамбанын суусу Казакстандын дагы бир айылын каптады. Видео
Эскерте кетсек, 1-май күнү Өзбекстандагы Сардобин суу сактагычындагы дамбанын бир бөлүгү жырылган. Мындан улам 70 миңге чукул тургун эвакуацияланган. 17 миңден ашык адам медициналык көзөмөлдөн өтүп, 60 адам ар кандай жаракаты менен ооруканага жаткырылган.

Ал эми 2-май күнү суунун агымы Казакстандын Түркстан облусуна жеткен. Төрт айылдын 5000ден ашуун тургуну коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Бул кырсыктан улам Өзбекстанда 56 адам жабыркап, 2 киши каза тапкан. Ал эми 70 миңге чукул адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0