Жээнбеков Мирзиёевден элдин ал-жайын сурап, колдоо сөздөрүн айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөдө дамба кырсыгынын кесепетинен 70 миңге чукул адам эвакуацияланды. Кырсыктан 56 адам жарат алып, 2 киши каза тапкан.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Өзбекстандын Сардоба суу сактагычындагы дамба кырсыгына байланыштуу Мирзиёевге колдоо сөздөрүн айткан.

Ошондой эле президенттер коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча мындан ары биргелешкен чараларды жүргүзүү маселелери тууралуу пикир алмашкан.

Баткен облусу Өзбекстандын Фергана жергесинин элине азык-түлүк жөнөттү - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек достугун бекемдеп. Баткен Ферганага азык-түлүк жөнөттү. Сүрөт
Мамлекет башчылары татаал мезгилде эки өлкө ортосундагы достук жана ак ниет коңшулук мамилелерден улам Кыргызстан менен Өзбекстандын бир тууган эли ар дайым бири-бирине колдоо көрсөтүп келишкендигин өзгөчө белгилешти.

Телефон аркылуу сүйлөшүү бүгүн, 4-майда, болгону айтылат.

Эскерте кетсек, 1-май күнү Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычындагы дамбанын бир бөлүгү жырылган. Мындан улам коңшу өлкөдө 70 миңге чукул адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Кырсыкка кабылган 56 адам жабыркап, 2 киши каза тапкан.

Ал эми 2-май күнү суунун агымы Казакстандын Түркстан облусуна жеткен. Буга байланыштуу казак өкмөтү 31 миңден ашык айыл тургунун эвакуациялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0