Дарыкана. Архив

Тажикстан: эл паникага алдырып, дарыканаларда эч нерсе калган жок

1248
(жаңыланган 23:52 04.05.2020)
Тажикстанда коронавирус аныкталары менен дары-дармектин баасы көтөрүлүп, эл дарыканадагы препараттарды талай баштады.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Тажикстандын жарандары паникага алдырып, дарыканалардан вируска каршы жана иммунитетти көтөрчү дары-дармектерди талап жатканын Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

“Эл вируска каршы, иммунитетти көтөрчү, дене табын түшүрчү, какырык чыгарчу дарыларды жана антибиотиктерди бир нече күндүн ичинде сатып алган. Дары-дармектин кийинки партиясы келе элек”, — деп жазылат кабарда.

Ошол эле учурда айрым шаарларда медициналык препараттардын баасы төрт эсе көтөрүлүп кеткени айтылууда.

Эске салсак, Тажикстанда алгачкы коронавирус жуктургандар 30-апрель күнү аныкталган. Акыркы суткада вируска 102 киши кабылып, оорулуулардын жалпы саны 230га жетти.

1248
Белгилер:
дарыкана, коронавирус, Тажикстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1060)
Тема боюнча
Тажикстанда дароо 15 кишиден коронавирус аныкталды
Тажикстанда коронавирустан алгачкы эки адам көз жумду
Коргоочу костюм кийген медицина кызматкери. Архив

Куш тумоо эпидемиясы Кыргызстандын чек арасына жакындап келе жатат

166
Маалыматка караганда, Казактандын Кыргызстан менен чектешкен Жамбыл облусунан 238 канаттуу өлдү (алтоо акыркы суткада).

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Казакстандын түндүгүндө чыккан куш тумоо эпидемиясы өлкөнүн Кыргызстан менен чектешкен аймагына чейин жетип келди.

Эске салсак, Казакстанда куш тумоосу 9-сентябрь күнү расмий катталган. Өлкө бийлиги бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна маалымат берип, айрым айылдар карантинге жабылган.

Sputnik Казакстан агенттигини жазганына караганда, өлкөнүн Кыргызстан менен чектешкен Жамбыл облусунан 238 канаттуу өлдү (алтоо акыркы суткада).

Романов: канаттуулар тумоосу келгин куштар аркылуу жугат

"Акыркы учурда жети облустагы жеке чарбаларда 20 миң, атайын фабрикаларда 203 миң баш канаттуу жок болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Казакстанда жыл башынан бери куш тумоосуна каршы 3 377 900 вакцина даярдалган. Учурда дагы 699 355 доза сатып алынууда.

166
Белгилер:
эпидемия, куш тумоосу, Казакстан
Тема боюнча
Куш тумоосунан улам Казакстан Россия менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Казакстандын желеги. Архивдик сүрөт

Казакстан расмий түрдө өлүм жазасын жокко чыгарды

76
(жаңыланган 12:33 24.09.2020)
Казакстан өлүм жазасын алып салган эл аралык протоколго кошулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Кайрат Умаров өлүм жазасын жокко чыгарган жарандык жана саясий укук жөнүндөгү Эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Өлүм жазасын жокко чыгарган эл аралык протоколго кошулуу чечими кабыл алынганын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев дагы өзүнүн БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жатып билдирген.

Ал Казакстан жалпы негиз болуп берген жашоо укугун жана адамдык ариетти колдой турганын белгилеген.

76
Белгилер:
БУУ, өлүм жазасы, Казакстан
Тема боюнча
Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмне тууралуу сөз болду
АКШда өлүм жазасына кесилген киши 37 жылдан кийин акталып, абактан чыкты
Манас эл аралык аэрпорту. Архив

Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар

0
(жаңыланган 22:51 24.09.2020)
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги француз компаниялары Кыргызстанда ишке ашырып жаткан жана пландаган долбоорлору жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Франциянын Aеroports de Paris жана TAV Airports аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын КРдеги элчиси Микаэль Ру менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу видеоконференция өткөргөн.

Тараптар акыркы жылдардагы кыргыз-француз кызматташтыгынын жана соода-экономикалык байланышынын өнүккөнүн талкуулашкан.

"Атап айтканда, Aеroports de Paris жана TAV Airports Париж аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Ал эми GE Hydro France компаниясы Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. Flowbird компаниясы паркинг системаларды эсептегичтерди орнотуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда, ошондой эле EGIS компаниясы Ош — Баткен — Исфана автоунаа жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырды. Бир катар башка инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Ошондой эле быйыл Бишкекте Novotel франциялык мейманкана тармагын ачуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Кытай өрт өчүргөн 100 автоунаа бермекчи. Айдарбеков кесиптеши Ван И менен жолукту

Министр Айдарбеков жемиштүү эмгеги үчүн Руга ыраазычылык билдирип, ТИМдин Ардак грамотасы менен сыйлады.

0
Белгилер:
аэропорт, экономика, элчи, ТИМ, Франция, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти