COVID-19: Кытайда кооптуу аймак калган жок

© REUTERS / Thomas PeterСитуация в Пекине из-за пандемии коронавируса в мире
Ситуация в Пекине из-за пандемии коронавируса в мире - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жергиликтүү бийлик карантиндик чектөөлөрдү азайтып, өндүрүш ишканаларын жандантып, жашоону акырындык менен нугуна түшүрсө болот дегенди түшүндүрөт.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кытайда бүгүндөн тарта коронавирус боюнча эпидемиологиялык өтө кооптуу аймактар калбай, ооруп жаткандардын саны кескин азайды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

Кытай бийлиги шаршемби жана бейшемби күндөрү өлкөдөгү мурда эпидемиологиялык жактан орточо кооптуу деп эсептелген 125 шаар жана провинцияларды кооптуулугу төмөнкү деңгээлде деп тапты.

"Бул жергиликтүү бийлик карантиндик чектөөлөрдү азайтып, өндүрүш ишканаларын жандантып, жашоону акырындык менен нугуна түшүрсө болот дегенди түшүндүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, коронавирус очогу болгон Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында COVID-19 менен ооруган адам калбаганы 26-апрель күнү айтылган. 

Коронавирус тууралуу

Подготовка к открытию выставки День передовых технологий правоохранительных органов РФ - Sputnik Кыргызстан
АКШ: COVID-19 боюнча ачылыш жасоо алдында турган окумуштууну өлтүрүп кетишти
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 7-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3 755 341ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0