Казакстанда гумжардам деп жөнөтүлгөн күрмөдөн 3 миң доллар табылды. Видео

© AFP / ALI AL-SAADI АКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркагандарга кол сунуу максатында эски кийимдерин берип жиберген жубайлар күрмөлөрдүн чөнтөгүнүн биринде үч миң доллары бар экенин унутуп калышкан.

БИШКЕК, 8-май – Sputnik. Социалдык тармактарда Казакстандын суу каптап кеткен Мактаараль аймагына гумжардам катары жөнөтүлгөн кийим-кечектин чөнтөктөрүн адамдар аңтарып акча издеп жаткан видео популярдуу болууда.

Sputnik Казакстан агенттиги жазганына караганда, жабыркагандарга кол сунуу максатында эски кийимдерин берип жиберген жубайлар күрмөлөрдүн чөнтөгүнүн биринде үч миң доллары бар экенин унутуп калышкан. Алар унаа жүктү алып кетип калгандан кийин гана акчасын эстеп, артынан машина жөнөтүшкөн. Натыйжада акча табылып, ээсине кайтарылды.

Аэропорттун кызматкерлери коопсуз костюмчан жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлиги канча гумжардам алып, кайда жумшаганы жарыяланды
Эскерте кетсек, 1-май күнү Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычындагы дамбанын бир бөлүгү жырылган. Мындан улам 70 миңге чукул тургун эвакуацияланган. 17 миңден ашык адам медициналык көзөмөлдөн өтүп, 60 адам ар кандай жаракаты менен ооруканага жаткырылган.

Ал эми 2-май күнү суунун агымы Казакстандын Түркстан облусуна жеткен. Төрт айылдын 5000ден ашуун тургуну коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0