Кыргызстандын чек арачысы Кара-Суу шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасында өткөрүү пунктунда паспортту текшерүүдө. Архив

Өзбекстандыктар Россияга караганда Кыргызстанга 12 эсе көп келишкен

453
Ушул жылдын алгачкы үч айында болжол менен бир жарым миллион өзбекстандык жаран чет өлкөлөргө чыккан. Алар көбүнчө Кыргызстанга баш бакканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Өзбекстандыктар Кыргызстанга эң көп келерин аталган мамлекеттин статистикалык комитети билдирди.

Марттын ортосунда Өзбекстан коронавируска байланыштуу башка мамлекеттер менен байланышын токтоткон. Ал эми ошол эле айдын аягында Кыргызстан дагы бардык чек араларын жапкан.

Төмөндө алгачкы үч айда өзбекстандыктар кайсы жактарга чыккандыгы көрсөтүлгөн. Ушул убакыт аралыгында алардын көпчүлүгү Кыргызстанга каттаганы маалым болду.

  • Кыргызстан — 513,3 миң (35,8 пайыз);
  • Казакстан — 491,2 миң (34,2 пайыз);
  • Тажикстан — 265,2 миң (18,5 пайыз);
  • Россия — 43,3 миң адам (3 пайыз),
  • Түркмөнстан — 15,5 миң (1,1 пайыз).

Башка өлкөлөрдө бир пайыздан аз.

Өткөн жылдын башында ЖК депутаты Исхак Пирматов Кыргызстандын аймагында уруксатсыз иштеген Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарына патент киргизүүнү сунуш кылган.

453
Белгилер:
жаран, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандан товар алган 15 өлкө. Таң калтырчу рейтинг
Имараттын котлованнын иштетүүнүн башталышы. Архив

Аэропорт, ЖОЖ курат. Өзбекстан чек арадагы Сох районун гүлдөтүүгө киришти

918
(жаңыланган 17:36 05.06.2020)
Өлкө бийлиги бул регионду өнүктүрүүгө 1 триллион сум бөлүүнү көздөп жатканы айтылат. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖОЖдордо 500 орун дайындалууда.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Өзбекстан Сох районуна аэропорт, оорукана жана окуу жайларды куруп, эскилерин оңдоону көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов аталган районго барганда элге айтканын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Сох райондук администрациясы жакында 101 миллиард сумга бардыгы болуп 73 долбоорду ишке ашырганы жатат. Жыйынтыгында 4,5 миң жумуш орду ачылат. Аймакта иштебей калган аэропортту кайра баштан реконструкциялоо, ооруканаларды, окуу жайларды, цемент чыгаруучу завод, эс алуу жайларын куруу пландалды", — деп айтылат кабарда.

Өлкө жетекчилиги район жаштарына билим берүүнү күчөтүү маселесин колго алганы айтылат. Мисалы, Сох районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өлкөдөгү ЖОЖдордо 500 орун даярдалат.

Мындан тышкары бул райондо бир топ жылдан бери чечилбей келген таза суу жана сугат суусу боюнча маселени чечүү тапшырмасы коюлду. Жергиликтүү бийлик эки ай ичинде Симодон, Касминон, Хушёр, Малбуд жана Варган аймактарына тик скважина орнотуп берүүнү убадалады.

Негизинен өлкө бийлиги бул регионду өнүктүрүүгө 1 триллион сум бөлүүнү көздөп жатканы айтылат.

Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, төрт адам ооруканага түшкөн. Эртеси биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов "Чечме" өткөрмө пунктунда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолуккан.

Сох району — Кыргызстандын ичиндеги Өзбекстанга караштуу анклав. Чек ара көйгөйүнөн улам Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш айылдарында маал-маалы менен чыр-чатак чыгып турат.

918
Белгилер:
инфраструктура, аэропорт, жарадар, чатак, чек ара, Сох, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема:
Чечме айылындагы чек арадагы кыргыз-өзбек чатагы
Тема боюнча
Кытайга газ алып өтүүгө айыл чарба жерлери берилген. ЖКда айтылган доомат
Кадамжайдагы чек араны кыргыз-өзбек аскерлери кайтарууда
вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Ак-Тилек көзөмөл-өткөрүү жайында

Жагдай оор. Асрандиев кыргыз-казак чек арасындагы тыгындын себебин айтты

351
(жаңыланган 22:33 04.06.2020)
Асрандиев Кыргызстан былтыртан бери ЕАЭБ регламентинин алкагында Коллегияга кайрылып жатканын айтты. Ал чек арадагы кырдаалды жасалган тоскоолдук катары баалай турганын билдирди.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди.

"Казакстан менен чек арада көптөн бери кыйынчылыктар болуп келүүдө. Абал былтыртан бери начарлап кетти. 300-400 автоунаа көп күндөн бери кезек күтүп турат. Жеке өзүм айдоочуларды Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга өткөрүү тартибин көрдүм. Ал паспорттук көзөмөлдөн, андан аркы көзөмөлдөө үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби дагы татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүүдө", —  деди Асрандиев.

Асрандиев белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБ аянтында тоскоолдуктарды четтетүү үчүн иштерди жүргүзүп жатат.

  • Вице-премьер-министр КР Эркин Асрандиев во время выездного совещания на контрольно-пропускном пункте Ак-Тилек — Автодорожный.
    Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди.
    © Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Стоящие в очереди фуры на контрольно-пропускном пункте Ак-Тилек — Автодорожный на кыргызско-казахской границе
    Асрандиев белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБ аянтында тоскоолдуктарды четтетүү үчүн иштерди жүргүзүп жатат.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Стоящие в очереди фуры на контрольно-пропускном пункте Ак-Тилек — Автодорожный на кыргызско-казахской границе
    "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайындагы абал
    © Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Вице-премьер-министр КР Эркин Асрандиев во время выездного совещания на контрольно-пропускном пункте Ак-Тилек — Автодорожный.
    Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында
    © Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Стоящие в очереди фуры на контрольно-пропускном пункте Ак-Тилек — Автодорожный на кыргызско-казахской границе
    "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайындагы абал
    © Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
1 / 5
© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди.
"Тилекке каршы, союздун ички чек арасында жагдай кыйын. Тышкы чек арага караганда бир кыйла татаал. Биз өткөн жылдан бери ЕАЭБ регламентинин алкагында Коллегияга кайрылып жатабыз, анткени кырдаалды тоскоолдук катары баалайбыз. Жана бул биздин ички союздук макулдашууларга каршы келет. Жакын арада маселе чечилет деп ишенебиз", - деп жыйынтыктаган ал.

Эске салсак, бир нече күндөн бери "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында жүк ташуучу автоунаалардын чек арадан өтө албай, кезеги бир нече чакырымга созулуп кеткендигин көрүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан бул боюнча видеорепортаж жасаган.

351
Белгилер:
жүк ташуучулар, кезек, узундук, коронавирус, Ак-Тилек, чек ара, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Ысыкта зарыгып, күнгө какталган айдоочулар. Кыргыз-казак чек арасынан сүрөт баян
Казакстанга өткөрчү "Акжол" бекетинде ремонт качан бүтөрү айтылды
Гвоздика гүлү. Архивдик сүрөт

Профессор, физика-математика илимдеринин доктору Арапбай Марипов дүйнөдөн кайтты

0
(жаңыланган 16:31 06.06.2020)
Марипов физика-математика илимдеринин доктору, Нью-Йорк илимдер академиясынын академиги, Эл аралык оптика коомунун мүчөсү болгон.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. 5-июнь күнү белгилүү илимпоз, профессор Арапбай Марипов 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Марипов физика-математика илимдеринин доктору, Нью-Йорк илимдер академиясынын академиги, Эл аралык оптика коомунун мүчөсү болгон. 

Заслуженный деятель науки, профессор Арапбай Марипов
© Фото / из семейного архива Мариповых
Илимпоз, профессор Арапбай Марипов

Профессор Арапбай Марипов 1939-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында жарык дүйнөгө келген. Москва мамлекеттик университетин 1964-жылы аяктаган. 1994-жылы "Кубулуп турган голографиясынын жаңы аспектилери" ("Новые аспекты радужной голографии") темасында докторлук диссертациясын жактаган. Жетимиштен ашык илимий макалаларды жарыялаган, анын ичинен бир монографиясы бар.

Арапбай Мариповдун сөөгү эртең, 7-июнда, "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет.

0
Белгилер:
өлүм, профессор
Тема боюнча
Улуттук сүрөт өнөрүн көтөргөн Кыргыз эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды