БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Өзбекстандын Евразия экономикалык биримдикке байкоочу өлкө катары катышып жатканы республикада жүрүп жаткан реформага терс таасирин тийгизбейт. Мындай оюн Өзбекстандын вице-премьери, экономикалык өнүктүрүү жана жакырчылыкты кыскартуу министри Жамшид Кучкаров билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазды.
Жакында эле Олий Мажилис сенатында парламенттин жогорку палатасынын пленардык жыйыны болгон. Анда Өзбекстандын ЕАЭБге байкоочу өлкө катары катышуу сунушу жактырылган.
"Бул Өзбекстанда жүрүп жаткан реформага терс таасирин тийгизбейт деп ишендирип кетейин. Эң биринчи кезекте өлкө ЕАЭБге байкоочу катары кириши керек. Бул деген Өзбекстан биримдикте чечим чыгаруу процессинен башка жумушчу органдарынын бардык ишмердүүлүгүнө катыша алат дегенди түшүндүрөт. Мындай кадам мамлекетте атаандаштыкты күчөтөт. Кааласак-каалабасак да биз бул рынокто өзүбүздүн ордубузду табышыбыз керек. Ал үчүн экономика тармагында атаандаштык жөндөмдүүлүгүн күчөтүшүбүз зарыл", — деген Кучкаров.Вице-премьер кандай реформа болбосун анын негизин макроэкономикалык туруктуулук түзөрүн айтып, ЕАЭБге бардык мүчө өлкөлөр бюджеттин дефицитин үч пайыздан ашырбоо боюнча сүйлөшкөнүн кошумчалады.
Кучкаров ЕАЭБге байкоочу өлкө катары катышуу экономиканы талкалабай турганын, тескерисинче, аны өнүктүрүп, Өзбекстанда жүрүп жаткан реформага түрткү болорун баса белгилеген.
Аткаминер сенаторлорду байкоочу өлкө статусу Өзбекстандын экономикалык реформа жасоосуна эч кедергисин тийгизбей турганына ишендирип кетти. Ал президент Шавкат Мирзиёев мамлекет өзүнүн экономикалык саясатын эркин жүргүзө аларын бир нече жолу айтканын да эскерткен.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бүгүн Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айыл аймагында эки элдин ортосунда пикир келишпестик жаралган. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Чыр Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында чыккан. Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан учурда Тажикстандын чек арачылары келип ишти токтотууну талап кылышкан. Натыйжада эки жак талашып-тартыша кетишкен.
"Окуя болгон аймакка Баткен жана Исфара райондорунун акимдери башында турган тийиштүү жетекчилер барып, сүйлөшүүлөр жүрдү. Кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да аймакта болуп, облус башчысы Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.Тараптар бул маселе боюнча 22-апрелде Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүчү форумдун алкагында жолугуп, талкуулоону макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.Ал эми 18-апрелде Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр уланат.
Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады. Маалыматта тажик тараптын жумуштарды биргеликте жасоо талабына кыргыз тарап макул болбогону айтылды. Учурда Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу.
Уюштуруучулар Акматалиевдин эркин күрөш боюнча спортчулардын арасынан ыкмаларды эң мыкты аткарганын айтышты.
65 килограмм салмакта күч сынашкан Акматалиев жарым финалда өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу Ильяс Бекбулатов менен кармашты. Кыргыз балбаны 8:0 эсебинде утулуп жатканына карабай аракетин улантып, адегенде эки, анан төрт упайлык ыкма жасап, анын артынан эле атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишке жеткен.Ал эми чейрек финалда түркмөн атлети Керим Ходжаковду 5:1 эсебинде жеңип алган.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.
Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.
"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.
Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.
Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.