Казакстанда бекер билим алам дегендерге беш орун бар. Сынак жанданды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАстана шаары. Архив
Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документтер ушул жылдын 12-июну саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Азыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу министрлик маалыматтарды электрондук түрдө гана аларын белгиледи.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Казакстандын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн жарыяланган сынак кайрадан жанданды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жусупбекова: "Санариптик педагогика" сынагы 15-майга чейин уланат
Билдирмеге ылайык, буга чейин Казакстан 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн беш гранттык орун бөлгөн. Анын үчөө бакалавриат жана экөө магистратура программалары боюнча берилген. Ага министрлик конкурс жарыялап, бирок кийинчерээк коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган.

Документтер ушул жылдын 12-июну саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Азыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу министрлик документтерди электрондук түрдө гана алат.

Ал эми талапкерлерди тандап алуу 23-июнга белгиленген. Бирок күнү кырдаалга жараша өзгөрүлүшү ыктымалдыгын айтышты.

Коңшу өлкөнүн окуу жайына өтөм дегендер кандай документтерди даярдашы керектиги тууралуу министрликтин сайтынан таанышып алыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0