Өзбекстан: 30дан ашык адамга COVID-19 жуктурду деген медикке иш козголду

© Sputnik / Анастасия Макарычева / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина кызматкери 20-апрелде өзүн начар сезе баштаган. Бирок адистерге кайрылбай, үйүнөн дарылана берген. Жыйынтыгында аны менен байланышта болгон туугандарынан, кесиптештеринен коронавирус табылган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Өзбекстандын Самарканд облусунун прокуратурасы 30дан ашык адамга коронавирус жуктурду делген медицина кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги кабарлады.

Ага ылайык, жергиликтүү медицина мекемесинин бөлүм башчысы вирустун белгилери байкалганына карабай иштеп жүрө берген. Жыйынтыгында дарыгер менен байланышта болгон 34 адамдан COVID-19 чыккан.

"Медицина кызматкери 20-апрелде өзүн начар сезе баштаган. Бирок адистерге кайрылбай, үйүнөн дарыланган. Жыйынтыгында аны менен байланышта болгон күйөөсүнөн, туугандарынан, караган 11 бейтабынан, кесиптештеринен коронавирус табылган. Алар аркылуу дагы 23 киши вирусту илештирип алган", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта коронавирус жуктурган бардык бейтаптар облустук жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланып жатканы айтылды. Ал эми дарыгерге Кылмыш кодексинин 257-беренесинин 1-бөлүмү ("Санитардык талаптарды бузуу") боюнча иш козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0