Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны миңден ашып, 33 киши каза болду

© AFP / SEBASTIEN BOZONДарыгер бейтаптын менен ооруканада. Архив
Дарыгер бейтаптын менен ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта коңшу өлкөдө оору жугузушу мүмкүн деген шек менен 4 297 жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан колдоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 1118ге жетти. Бул туурасында Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Мындай статистика 15-майда кечинде жарыяланган. Ага ылайык, соңку бир сутканын аралыгында эле 211 тажикстандык COVID-19 жуктурганы аныкталган.

Оорунун кесепетинен каза болгон кишилердин да саны өсүп, 33 адамга жеткени айтылат.

Дезинфекция жүргүзүп жаткан муниципалдык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда карантин режими 1-июнга чейин узартылды
Аны менен катар эле 477 бейтап коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылганын билдирген.

Ошондой эле азыркы тапта коңшу өлкөдө оору жугузушу мүмкүн деген шек менен 4 297 адам карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Тажикстанда коронавирус жуктургандар тууралуу расмий түрдө 30-апрелде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери келеринин алдында айтылган. Алар анализ жүргүзүп, өлкөдө карантиндик чараларды күчөтүп, оор кырдаалга даяр турушун эскерткен. 

Кыргызстанда 16-майга карата коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0