Кабарлап коюу жетиштүү. Токаев Казакстанда митингдин жол-жобосун жеңилдетти

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOНур-Султанда болгон митинг. Архивдик сүрөт
Нур-Султанда болгон митинг. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми митинг өткөрүү үчүн акимчиликтердин макулдугу зарыл эмес. Болгону иш-чара тууралуу кабар берип коюу жетиштүү.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев нааразычылык акцияларын өткөрүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүргөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram-каналында жарыяланды.

“Казакстанда тынчтык митингдерин уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиптери” мыйзамына казак парламенти өзгөртүүлөрдү киргизген. Эми митинг  өткөрүү үчүн акимчиликтердин макулдугу зарыл эмес. Болгону иш-чара тууралуу кабар берип коюу жетиштүү.

Мындан тышкары эми жападан жалгыз адам деле өкмөттүк имараттардын ардында митинг өткөрө алат. Мурда мындай нерсеге жол берилчү эмес.

Ошондой эле нааразычылык акцияларынын катышуучулары бетин жаап алса да болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0