Ухань шаарындагы базар. Архивдик сүрөт

Ухандан чыккан эмес. Кытай окумуштуулары коронавирустун очогун иликтөөдө

629
(жаңыланган 15:17 30.05.2020)
Окумуштуулар Ухандагы базарда сатылган жаныбарлардын үлгүлөрүнө изилдөө жүргүзүп, алардан коронавируска анализ алышкан.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кытайдын ооруну алдын алуу жана көзөмөлдөө улуттук борборунун окумуштуулары коронавирустун жаңы түрү Ухань шаарындагы базардан чыккан деген маалыматты төгүндөштү. Бул тууралуу РИА Новости Daily Mail агенттигине таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, окумуштуулар Ухандагы базарда сатылган жаныбарлардын үлгүлөрүнө изилдөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында алардын коронавируска алынган анализдери таза чыккан. Бул вирус базарда сатылган жаныбарлардан тарады деген маалыматты четке кагарын тастыктайт.

"Көрсө, базар деле оорунун курмандыктарынын бири болгон экен", — деген борбордун жетекчиси Гао Фу.

Ошол эле убакта вирус жарганаттарда пайда болуп, андан кийин адамга башка жаныбар аркылуу жукканы аныкталды. Бирок оорунун очогу дале белгисиз.

Колин Карлсон атындагы Жорджтаун университетинин зоологунун божомолунда, инфекция Ухандагы базардан кеңири жайылып кетиши мүмкүн. Анда бир адам вирусту көп кишиге жуктуруп алган.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

629
Белгилер:
базар, коронавирус, Ухань, Кытай
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (837)
Тема боюнча
Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат
Кытай коронавирус кайдан чыкканын териштирүүгө даяр. Бирок бир шарт менен
Кытай коронавирустан жапа чеккендерге 2 млрд. доллар берет
Нур-Султанда Казакстандын туңгуч президенти — Елбасы атындагы Коргонуу улуттук университетинин алдына Нурсултан Назарбаевдин эстелиги коюлду

Нур-Султанда Елбасы университетинин алдына Назарбаевдин айкели коюлду. Сүрөт

107
(жаңыланган 15:59 03.07.2020)
Бүгүн Нурсултан Назарбаевдин 80 жылдык мааракеси жана анын ысымы ыйгарылган борбор калаанын күнү майрамдалып жатат.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Нур-Султанда Казакстандын туңгуч президенти — Елбасы атындагы Коргонуу улуттук университетинин алдына Нурсултан Назарбаевдин эстелиги коюлду. Бул туурасында мамлекет башчынын Акорда сайты билдирди.

Анын ачылыш аземине президент Касым-Жомарт Токаев онлайн режиминде катышкан.

Ал Назарбаев көз карандысыз өлкөнүн стратегиялык өнүгүү жолун жана элди бир түндүктүн алдына бириктирген заманбап Казакстандын негиздөөчүсү болуп саналарын билдирген.

Коронавирустан сакайган Назарбаев элге кайрылуу жасады

Ал Коргонуу университетинин аймагына эстелигинин тургузулушунун мааниси терең экенин айткан. Себеби Казакстандын Куралдуу күчтөрү Елбасынын Жарлыгы менен түзүлгөнүн эске салган.

"Анын президенттик мөөнөтүндө Аскердик курулуштардын мыйзамдык жана укуктук-нормативдик базасы иштелип чыкты. Куралдуу күчтөрдүн курамы негизделди. Армия кайрадан курал менен камсыздандырылып, заманбап инфраструктура түзүлдү", — деп билдирген Токаев.

Белгилей кетсек, бүгүн коңшу өлкөдө Нурсултан Назарбаевдин 80 жылдык мааракеси жана анын ысымы ыйгарылган борбор калаанын күнү майрамдалып жатат.

107
Белгилер:
эстелик, Нурсултан Назарбаев, Казакстан
Тема боюнча
Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты. Элбашынын сейилдеги сүрөтү
Назарбаев биринчи жолу эл алдына Токаев таккан орден менен чыкты. Сүрөт
Казакстандын тунгуч президенти, Элбашы Нурсултан Назарбаев. Архив

Коронавирустан сакайган Назарбаев элге кайрылуу жасады

440
(жаңыланган 11:05 03.07.2020)
Кайрылууда Назарбаев сыркоо маалында колдоо көрсөткөн мекендештерине жана чет элдик саясий ишмерлерге ыраазычылык айтты.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Коронавирус илдетинен айыккан Казакстандын тунгуч президенти, эл башы Нурсултан Назарбаев коомчулукка кайрылуу жасап, сөзү расмий сайтына жарыяланды. 

Эскерте кетсек, Назарбаевдин коронавирус жуктуруп алганы 18-июнда белгилүү болгон. Оору симптомсуз өтүп жатканы айтылып, экс-президент обочолонуу менен аралыктан иштеп жатканы кошумчаланган. 

“Дарыгерлердин күчү жана алардын айткан көрсөтмөлөрүн кынтыксыз аткаргандыгым үчүн, ошондой эле колдоо жана жылуу каалоолордун жардамы менен мен бул дартты жеңдим. Өзүмдү жакшы сезип, толук кандуу жумушума кириштим”, — деди Назарбаев.

Ал сыркоолоп жатканда колдоо көрсөткөн мекендештерине жана чет элдик саясий ишмерлерге ыраазычылык билдирген. Эл башы ошондой эле COVID-19 жайылып жаткандыгына байланыштуу казакстандыктарды коргонуу эрежелерин так сактоого чакырып кетти.

Токаев Нурсултан Назарбаев менен кайдан кантип таанышканын айтып берди

"Учурда миллиондогон адамга жуккан бул дарт мага да тийбей койгон жок. Бир катар чет мамлекеттердин башчылары, көрүнүктүү саясий ишмерлер менин тез сакайып кетишимди каалап, моралдык колдоо көрсөткөнү мага күч-кубат берди. Ал үчүн баарына ыраазычылык айтам”, — деди ал.

Кечээ эл башынын маалымат катчысы Айдос Укибай соцтармактагы баракчасы аркылуу Нурсултан Назарбаевдин коронавирустан сакайганын сүйүнчүлөгөн.

440
Белгилер:
коронавирус, ыраазычылык, кайрылуу, Нурсултан Назарбаев
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (837)
Тема боюнча
Жээнбеков коронавирус жуктурган Назарбаев менен сүйлөшүп, абалын сурады
Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты. Элбашынын сейилдеги сүрөтү
АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси

"Тезинен аткаруу зарыл": АКШ Россияны эмнеге жазалагысы бар?

0
(жаңыланган 22:32 03.07.2020)
Дүйнөдө кечээги күндүн негизги жаңылыгы болуп АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелосинин Россияга каршы тезинен санкция киргизүү боюнча билдирүүсү, ошондой эле Америкада коронавируска кабылгандардын саны күндөн-күнгө өсүшү туурасындагы маалымат чыкты.

Пелосинин мындай билдирүүсү "Россия менен талибдердин" Америкага каршы кутуму" деген акылга сыйбаган айыптоодон улам келип чыкканын эске сала кетели. Кыскасы, бул америкалык атайын кызмат тарабынан топтолгон маалымат дагы эмес, "кайсы бир аналитиктердин талибдерди суракка алышынан кийинки бүтүмдөр" экен. Анда Россиядагы кимдир бирөөлөр "көп жылдан бери америкалык аскерлерди өлтүрүп келе жаткан талибдерге дал ушул "милдет" үчүн акча төлөгөн" деген кеп камтылат". Ушундай эле жол менен алар Россия Африкадагы төрөлүү саны үчүн кошумча төлөгөн деп да чыгары ажеп эмес. Дал ушул тууралуу РИА Новости агенттигине макала жарыяланды.

Пентагондун да, Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи О'Брайендин билдирүүлөрүнө ылайык чыгарылган мындай "күчтүү" бүтүмдүн деле тастыктоосу табылбады. Андан улам өз маалында бул туурасында АКШ президентине да маалымдашпаптыр. Буга чейин да тастыкталбаган толгон-токой жоромолдордой эле... Аларды топтоо, иштеп чыгуу атайын кызматтардын түз милдети эмеспи. Бирок кептин баары Американын бүгүн кадыресе мамлекеттин кадимки мыйзамдары менен жашабай калганында (Дмитрий Песков туура баамдагандай, "Вашингтондо бүгүн түшүнүксүз нерселер көп"). Хайптардын ички айыгышкыс күрөшүнүн мыйзамы өкүм сүрүүдө. Муну кыскача "Эч кандай мыйзамдын жоктугу" деп сүрөттөөгө болот. Ошондуктан өзөктүк державанын өкүлдөр палатасынын башчысы, өзүнүн идеологиясы катары сот адилеттиги жана акыйкаттыкты жарыялаган мамлекеттин жогорку кызматтарынын бирин ээлеген киши эч далилденбеген "ыкчам маалымат", тагыраагы, дээрлик саясий бүтүмдөн улам башка бир өзөктүк державага каршы тезинен санкция киргизүү демилгеси менен чыгып отурат.

АКШнын чалгын кызматы Россиянын талибдер менен "жакындыгын" төгүндөдү

Ал эми бул маалыматты ыраспы же жалганбы деп текшерип койбостон коомго жайган маалымат каражаттары "Бул кишиге Россия туурасындагы терс маалымат жакпайт" деп АКШнын азыркы президентинин "айыбын" ачып киришти. Бул далалат менен алар мурдатан айтылып, бирок максатына жете албай келе жаткан "Трамп — орус тыңчысы" деген тезисти кайрадан жаңыча иштеп чыгып жатышкандай.

Ал эми экинчи саптагы жаңылык — Кошмо Штаттарда COVID-19 кескин көбөйүп, күн сайын АКШда 50 000ден ашуун учурлардын катталышы. Мында, эң кызыгы, америкалык маалымат каражаттарынын бул статистиканы элге кандай нукта сунуп жатканы. Маселен, абройлуу Huffington Post басылмасы: "Илдеттин мындай күч алышынын айрым себептерин май аягындагы Эскерүү күнүнөн бери (чейин) байкоого болот".

CNN: "Трамптын бет капка каршы жүрүштөрү кайра өзүнө кайтты", – деп жазды.

The New York Times: "Сурамжылоолор көрсөткөндөй, көптөгөн америкалык эркектер бет кап тагынууну чабалдыктын белгиси катары эсептешет. Трамптын бет кап тагынуудан баш тартышы да ушундай ойдо экенин боолголоого себеп", — жеп жарыялады.

Эгер сизге аналитиктердин бул мисалдарында кайсы бир нерселер көз жаздымда калгандай туюлса, жаңылган жоксуз. Аларда май айынан бүгүнкү күнгө чейин аралыкты сактоо, үйдө отуруу жана башка чакырыктарга баш ийбей, Black Lives Matter прогрессивдүү жана туура кыймылынын өкүлдөрүнүн көп миңдеген тобу көчөдө жүргөнүнөн, дүкөндөрдү тоноп, имараттарга өрт коюп, унааларды талкалап, адамдарды өлтүрүп (ушул тапта толук эмес эсеп боюнча BLM кыймылынын жоопкерчилигинде 25тен ашуун өлүм бар), тизе бүктүрүп жатышканынан кеп салууга толук тыюу салынган.

Россияны дүйнөгө жаман көрсөткүсү келгендер "кой терисин" жамынганбы?..

Жүз миңдеген, балким, миллиондогон америкалыктар коопсуздукту чечкиндүү түрдө унуткарып, эч кандай коронавирус жоктой жүрүм-турумга өтүштү. Сырттан караган байкоочулар белгилегендей, оорунун күч алышы тозокту эске салгандай абалга кептейт, акыркы окуялардан улам бул башкача бүтпөйт. Бирок андай учур башка түшкөн соң чындыкты аташпайт.

Ошол себептен прогрессивдүү талдоочулар элдин (эл баягы эмес) ашкере эр жүрөктүүлүгүн, Трамптын жоопкерчиликсиздигин жана май айындагы Эскерүү күнүн себеп катары көрсөтүшкөнү менен, болгон түтүктөрдөн чыгып турган түтүндү эч кимдин көргүсү жок. Мында маселенин негизги себебин издөөнүн ордуна, РФти "Оккаманын устарасынын" эмоционалдык түрүнө кептегендей. Ошондуктан "кандай кыйын кырдаал болбосун, Россия менен Трампты айыпта" деген принцип өкүм сүрүүдө.

Анткен менен бул деле Американын дүйнөлүк лидерликтен тайып, пандемияга туруштук берүүгө жөндөмсүздүгү өңдүү чоң көйгөйлөрдү чечүүгө пайдасын тийгизбейт. Бирок бул америкалык коомдун ички прогрессивдүү күчтөрдү канааттандырып, азыркы бийликтин каршылаштарына президентти ээрден алып түшүүгө өбөлгө түзөт.

Айтмакчы, мунун баары бүт дүйнөгө азыркы күнгө чейин үлгү катары көрсөтүп келишкен өлкөдө орун алууда. Ошентсе да РФтеги элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарына таянсак, "Америкадагыдай" деген сөздүн "сыйкыр" күчү четинен жоюлуп бараткандай.

0
Белгилер:
байланыш, көйгөй, Талибан, коронавирус, гезит, маалымат, күч, Россия, АКШ
Тема боюнча
Россия эми дүйнөлүк террорчулукка айыпталууда. Америкалыктардын акыл парасаты