Дезинфекция жүргүзүп жаткан жумушчу. Архив

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин улантылып, аймактар түстөргө бөлүндү

218
(жаңыланган 23:56 14.06.2020)
Ишин жанданткан жайлардан COVID-19 чыкса, илдетке чалдыккандардын бардык чыгымдарын алар төлөмөй болду.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өзбекстандын Республикалык атайын комиссиясы санитардык-гигиеналык катуу көзөмөлдү 1-августка чейин узартты. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Андан сырткары аймактарды эпидемиологиялык кооптуулугу боюнча кызыл, сары жана жашыл түстөргө бөлүп, тиешелүү тартипти орнотту. Өлкөнүн ичинде бет кап кийип, антисептик менен бири-биринен оолак жүрүү эрежеси темирдей сакталышы керектиги айтылды.

Ошондой эле бир катар тармактарга ишин жандантууга уруксат берилди. Алар курулуш, тейлөө тармагы, коомдук тамактануучу жайлар. Ишин жанданткан жайлардын аймагынан COVID-19 чыкса, илдетке чалдыккандардын бардык чыгымдарын төлөй турган болду.

1-августтан тарта бала бакчалар санитардык-гигиеналык эрежелерди катуу сактоо тартиби менен иштейт. Дүйшөмбү күндөн тарта менчик бала бакчаларда 15 кишиден ашык кармабаш керек деген чектөө сары жана кызыл аймактардан алынат.

15-июндан тарта өлкө ичинде аймактар арасында автобус жүрө баштайт. Ал эми поезддер сары жана кызыл түскө кирген жерлерде гана каттап, Ташкенттен бир канча шаарларга барып келет.

15-июндан тарта Өзбекстан эпидемиологиялык абалы дурус болгон өлкөлөр менен аба жолун ачат.

Кимдерге кырып-чыкканга уруксат берилет?

  • Дипломаттар менен алардын үй-бүлөлөрүнө;
  • Инвестдолбоорлордун алкагында иштеген чет элдик жана башка уюмдардагы адистерге;
  • Өлкөгө дарылануу үчүн келгендерге;
  • Чет өлкөдө туугандары же катуу ооруп жаткан жакындары барларга;
  • Дипломатиялык уюмдардын талабы менен транзит каттагандарга;
  • Өзбекстанда катталган чет элдиктерге, жарандыгы жок, бирок аталган өлкөдө туруктуу жашап жаткандарга, чет жакта туруктуу катталып, жашап жаткан Өзбекстан жарандарына;
  • Окуусун же ишин уланта турган Өзбекстандын жарандарына.

Кызыл, жашыл жана сары өлкөлөрдүн тизмеси:

Республикалык атайын комиссия өлкөлөрдү кооптуулугу боюнча кызыл, сары жана жашыл аймактарга бөлдү.

Жашыл түстөгү өлкөлөргө Япония, Кытай, Түштүк Корея менен Израиль кирди. Бул жакта акыркы 14 күн ичинде болгондор Өзбекстанга киргенде санитардык көзөмөлгө алынбайт.

Сары түскө Евробиримдиктин өлкөлөрү, Малайзия, Таиланд жана Сингапур кирди. Ал жактан соңку 14 күн ичинде келгендер эки жума үй карантинде болот.

Кызыл түскө Бириккен Араб Эмирлиги, Түркия, Иран, Афганистан, Россия жана КМШнын башка мамлекеттери киргизилди. Бул жактан келгендер Өзбекстанга киргенден соң мамлекеттик атайын жайда 14 күн жатып, текшерилип чыгат.

218
Белгилер:
аймак, эреже, талап, кооптуулук, коронавирус, Өзбекстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (963)
Тема боюнча
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян COVID-19дан сакайды
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архивдик сүрөт

Жалкоолук, тойдон-тойго жашоо... Токаев казак коомунун беш кемчилигин атады

465
(жаңыланган 22:41 10.08.2020)
Президенттин айтымында, өлкө быйыл көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт, бирок коомчулуктун бир кылым мурда Абайды тынчсыздандырган кемчиликтери жоюлбай келет.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев улуу акын Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата "Абай — руханий реформатор" деген аталыштагы макала жазып, анда казак коомчулугунун бир нече кемчилиги тууралуу дагы айта кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Президенттин айтымында, өлкө быйыл көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт, бирок коомчулуктун бир кылым мурда Абайды тынчсыздандырган кемчиликтери жоюлбай келет.

Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер

"Өз доорунда Абай айткан "беш душманыбыздан" дагы деле толук кутула албай жатабыз. Тилекке каршы, коомубузда жалкоолук, пайдасыз сөздөр көп. Алар кишини тыңгылыктуу иш бүтпөгөн, маанисиз жашоого сүйрөйт. Ошондой эле эмгектенүүнүн ордуна ар бир нерседен саясат издегендер жок эмес", — деди Токаев.

Өлкө башчы эске салгандай, Абай тойдон-тойго чейин күн санабай, билим алып, руханий өсүүгө чакырган.

"Биз билимдин аркасы менен гана өсө алабыз. Заманбап билим берүү интеллектуалдык жактан жетилген улут болууга жардам берет. Экинчи орунда тарбия турат. Улуу ойчул айткандай, пайда издебей, абийирди ойлойлу. Ошондо гана биз жаштарга үлгү боло алабыз", — деп жазган президент.

Мындан тышкары, ал Абай казак эли болушунча жаңы жана керектүү кесиптерге умтулуп, ар бир жаран өз ишинин чебери болушун каалаганына токтолду.

Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты

"Азыркыдай кымгуут кезде бул өтө маанилүү. Байлык жок болуп кетиши мүмкүн. Ал эми иш билгилик өмүр бою биз менен калат. Биз ишке болгон мамилени өзгөртүшүбүз керек. Анткени бизди сүйүктүү жумушубуздай эч нерсе бактылуу жана бай кыла албайт", — деп жазылат өлкө башчынын макаласында.

Ошондой эле Абай акын өз элин тилектештикке көп чакырганы айтылат. Ал "эгер казактын уул-кыздары бири-бирине пикирлеш, ыктымактуу болбосо, башка нерсенин баары бир тыйынга татыбайт" деп айткан экен.

Кыргыз алданса алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Мар Байжиевдин нускасы

Токаевдин пикиринде, Абайдын бул сөздөрү бир гана казак эмес, өнүгүп-өсүүнү каалаган ар бир элге жол көрсөткүч боло алат.

465
Белгилер:
эл, макала, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Азыркы азалуу Ата Журт, эртеңки айт... Бул күндөрдүн артында улуу жакшылыктар бар
Дарыядагы катер. Архив

Апамды башы жок көмдүк... Казакстанда депутаттын уулу аралашты делген окуянын чоо-жайы

14037
(жаңыланган 14:59 09.08.2020)
Көз жумган аялдын бир тууган эжесинин айтымында, кайыкта шектүү менен бирге шаардагы белгилүү ишкердин кызы да болгон.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Казакстанда облустук маслихаттын депутаты Валерий Крыловдун 17 жаштагы уулу аял өлтүрдү деп шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.

Каргашалуу окуя 6-июнь күнү саат 22:15тер чамасында Уральск шаарындагы Чаган суусунда болгон. Анда Чугун көпүрөсүнүн жанында катер сууда сүзүп жүргөн аялды сүзүп, башын жана колун үзүп кеткен. Кылмышка шектүү эки айга камалды.

Көз жумган аялдын уулунун айтымында, ал апасынын сөөгүн башы жок эле жерге берген. Анткени суучулдар сөөктүн айрым бөлүктөрүн таппай коюшкан.

"Апамдын курбусу сууга түшкүсү келбей, белинен эле кириптир. Апам болсо алысыраак жакка сүзүп кетиптир. Бир убакта фарасы күйбөгөн катер пайда болгонун айтты. Курбусу апамды жээке чакырыш үчүн кыйкырып, колун булгаптыр. Бирок ага жетпей катер бир нерсени сүзгөн үн угулган. Апамдын сөөгүнүн бөлүктөрүн суудан капка чогултуп алып чыгышты. Катер дароо кетип калган экен", — деди уулу.

Көз жумган аялдын бир тууган эжесинин айтымында, кайыкта шектүү менен бирге шаардагы белгилүү ишкердин кызы да болгон. Ага оор кылмышты жашырып койгон деген айып тагылган. Бирок маркумдун тууганы билдиргендей, ал кыз Лондонго кетиш үчүн виза ачтыруу аракетин көрүүдө.

Оор эмес кылмыш жасаган кыргызстандыктар кандай түзөтүлөт. Видео

Облустук маслихаттын депутаты Валерий Крылов ЖМКларга уулу кармалганын айтып, бирок анын күнөөсү жок деп эсептей турганын билдирген.

"Жээкте кайыктар көп болчу. Бардыгы экспертиза кылынып, тергөө жүрүп жатат. Тергөөчүлөр күнөөнү балама артып жатышат, бирок эч кандай далил жок. Бул иш аягына чыгат деп үмүттөнөм, ошондо гана баары ачыкталат. Менин уулум күнөөлүү эмес", — деди Крылов.

Депутаттын айтымында, шектүү 48 саатка камалган. Ал эксперттердин уулунун катеринен кан табышты деген маалыматты төгүндөдү.

14037
Белгилер:
Суу, кылмыш, аял, катер, кырсык, Казакстан
Тема боюнча
Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басарынын эмнеге кармалганы айтылды
Бут кийим өндүрүүчү тармак. Архивдик сүрөт

Кыргыз экономикасынын артка кеткен тармактары. Тизме

0
(жаңыланган 08:31 13.08.2020)
Экономиканын көптөгөн ири тармактары артка кетти. Ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү азайды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. 2020-жылдын январь-июль айында ички дүң өндүрүмдүүлүк, алдын ала маалымат боюнча, 282 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын ушул учуруна караганда 6,1 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети июль айындагы көрсөткүчтөргө таянып жазды.

Негизинен күйүүчү май өндүрүү (59 пайызга), кездеме, кийим-кече, бут кийим, булгары жана андан жасалган буюмдарды өндүрүү (20 пайызга), жыгач жана кагаз өндүрүү полиграфия (18,5 пайызга), резина, пластмасса жана темир эмес буюмдарды жасоо (16,5 пайызга), тамак-аш жана тамеки өндүрүү (5,3 пайызга) тармактары артка кетти.

Адистер дүйнөдө тез кымбаттап бара жаткан товарларды атады

Ошондой эле баалуу металл казуунун көлөмү 4,2 пайызга кыскарганы айтылды.

Мындан тышкары, 2020-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү дагы азайды. Тагыраагы, 1 миллиард 54 миллион 800 миң сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 17,3 пайызга төмөндөдү.

Оң тенденциялар айыл чарбасында гана байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү.

Эске салсак, пандемия башталган учурда Кыргызстандын бир катар аймактарына өзгөчө абал киргизилип, көптөгөн ишканалар ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон.

0
Белгилер:
статистика, Кыргызстан, экономика
Тема боюнча
Мукашев: КРде өндүрүлгөн эт сапаты жагынан кошуналардан кыйла артта калган