Аябай сактанган. Казакстанда Мажилис төрагасы коронавирус жуктуруп алды

© Sputnik / Болат ШайхиновКазакстан парламентинин Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин
Казакстан парламентинин Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спикердин карантин шарттарын катуу сактап, бир айдан бери аралыктан иштеп жатканы айтылат. Жадакалса эч ким менен байланышпаганга аракет кылган.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Казакстан парламентинин Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, ага илдеттин жеңил түрү жуккан. Ошол себептүү учурда обочолонуп, бирок аралыктан иштеп жатат.

"Спикер карантин шарттарын катуу сактап, бир айдан бери аралыктан иштеп жаткан. Жадакалса эч ким менен байланышпаганга аракет кылчу. Бирок акыркы ирет өкмөттүн пленардык жыйынына катышкан", — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле анын ар бир жыйын алдында коронавируска тест тапшырып жүргөнү кошумчаланды.

Бүгүнкү күндө Казакстанда вирус жуктуруп алгандардын саны 15 миңден ашып, алардын ичинен 88 киши каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0