Казакстандын вице-премьеринен да коронавирус табылды

© REUTERS / Pavel MikheyevКоронавирус илдетине анализ жасап жаткан Казакстандын медицина кызматкерлери
Коронавирус илдетине анализ жасап жаткан Казакстандын медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары аракет кылып, сактанганы менен COVID-19 ага баары бир жуккандыгын билдирген.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Казакстандын вице-премьери Ералы Тугжанов да COVID-19га кабылганын, бирок оору симптому жок өтүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Буга чейин Казакстандын биринчи президенти 80 жаштагы Нурсултан Назарбаевдин акыркы анализи анда COVID-19 бар экендигин көрсөткөнү айтылган.

Учурда Казакстандын аткаминерлер арасынан саламаттык сактоо министринен, төмөнкү палатанын спикеринен, мажилис депутатынан жана президенттин маалымат катчысынан чыккан.

"Оолактап, изоляцияланууга аргасыз болдум. Сактансам да жугуп калды. Менден коронавирустун симптому жок түрүн аныкташты. Эртерээк айыгып, ишке чыгыш үчүн дарыгерлердин айтканын аткарып жатам", — деген ал.

Алмата шаарынадгы полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: Казакстанда чектөөлөр кайрадан күчөтүлдү
Ал казакстандыктарга кайрылып, коопсуздук эрежесин сактоону — бет кап кийип, антисептик колдонуп, колду улам жууп туруу зарылдыгын айткан.

Учурда Казакстанда коронавирустун 15,8 миң учуру катталса, анын 9,9 миңи айыгып кетти. Ал эми каза болгондордун саны 100гө чыкты. Республикада коронавирусту симптому жок алып жүргөндөрдү өзүнчө эсептей башташты. Учурда алардын саны 6,8 миңге жеткени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0